Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары жана мугалимдери 1-декабрь “Дүйнөлүк СПИДке каршы күнүнө” карата “СПИДсиз келечекке жаркын жашоо” деген ураанда жөө жүрүш өткөрүштү.

Бул тууралуу М.Иманалиев атындагы орто мектебинин президенти Жанболот Курманбеков буларга токтолду:
“СПИД боюнча бизидин иш чарабыз өттү, жакшы деңгээлде өттү деп ойлойм. Бул иш чарага 8-9-10-11-класстын окуучулары катышып беришти. Ар бир класстын окуучулары лозунг жазып жана плаккаттарды тартып келишти. Эң аягында биз СПИДдин каракчысын жасап, аны өрттөдүк.”

Жана ошондой эле М.Иманалиев атындагы орто мектептин кординатору Айзада Намыраева өз оюн мындайча билдирди:
“Биз ВИЧ СПИДин алдын алуу боюнча окуучулар менен жөө жүрүш өткөрдүк. Бул жүрүштүн максаты окуучуларды ушундай жаман оорулардан алыс болууга чакырык жасайт.»

Белгилей кетсек окуучулардын мугалимдер менен биргеликте “Биз аракечтикке каршыбыз” деген ураандын алдында жөө жүрүш өткөрөбүз деген пландары бар.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков