Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде кылмыштуулукка каршы «Биз мекенчил жаштарбыз» аттуу сынак болуп өттү. Ага 9-а жана 9-б класстарынын окуучулары катышты.

Эки класстын окуучулары тең кызыктуу номер көрсөтүштү. Бирок 9-б классы жөндөмдүүлүк кылып алдыга озуп кетишти.

Нышанов орто мектебинин 9-а классынын окуучусу Гулиза Мунарбек кызы «Сынакта 9-б классы жеңип алды, бирок оюн калыс болду» деди.


Мектептин соцпедагогу Айгүл Шералиева «Биз ушул сынакты уюштуруу менен балдарга көп нерсени үйрөттүк» деген оюн айтты.
Даярдаган: Садирали кызы Эльвира
Редактор: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн