“Тарых жана маданият жылына” карата «Кыз-жигиттин сармерден» оюну 2016-жылдын 8-октябрында болуп өттү. Бул иш чара 9-класстын окуучу кыздары жана 10-класстын окуучу балдарынын катышуусунда болду.
Бул тууралуу сармердендин алып баруучусу Адилет Курманбеков буларга токтолду:
«М.Иманалиев атындагы орто мектебинде жакшы саамалык болду. 10-класстын балдары жана 9-класстын кыздары болуп «Кыз-жигиттин сармерден» оюнун уюштурганбыз. Бул оюн көрүүчүлөргө дагы бизге дагы абдан жакты.»

Жана шондой эле 9-класстын окуучусу сармерден оюнунун катышуучусу Аида Токтомуш кызы өз оюн мындайча билдирди:

«Бул оюнда биз ырларды ырдап, макал-лакаптарды айтышып, бири-бирибизге табышмактарды жашырыштык. Анан албетте кыргыздын улуттук бийлери да бийлениди. Бул оюнубуз абдан кызыктуу болду десем жаңылышпайм.»

Белгилей кетсек эки команда калыстар тобунун чечими менен 3:3 эсебинде тең чыгышты.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков