Ноокат районуна карашттуу Кулатов айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешти шайлоо туурасында Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров менен маек курдук.
Айылдык кеңешке кимдер талапкер боло алат? Кандай шарттарды аткарыш керек?
— Жашы 18 жаштан жогору болгон, биздин айыл өкмөттө жашаган аял-эркек баары талапкер боло алат.

Шайлоого партиялар менен катышабы же жеке адамдарбы?
— Жок партиялар менен эмес жеке адамдар талапкер боло алат.

Белгиленген барьерден аз добуш алып калса эмне болот?
— 9 адам депутат болсо, калганы депутат болбой кала берет.

Кулатов айыл аймагында канча шайлоочу бар?
— Бизде 8900 шайлоочу бар.

Айыл аймагы боюнча канча шайлоо участогу бар?
— Бизде 7 участкабыз бар
Канча адам талаперликке койгон?
— 21 адам андан 9 депутат шайланат.
Канча жылда бир шайлоо болот?
— Жергиликттүү кеңешке 4 жылда бир шайлоо болот.
Эгер шайлоонун жыйынтыгына талапкер,же эл макул болбосо жыйынтык жокко чыгарылабы?
— Талапкер да, эл да канаттанбай калса, борбордук шайлоо комисиясына арыз менен кайрылат.

Былтыркы жылга салыштырганда кандай өзгөчөлүктөр болду?
— Былтыркы жылы үч депутатты шайлаганга болот эле, быйылкы жылы 9 депутат шайласа болот жана техника жагынан ар кандай жаңы техникалар менен операторлордун билим деңгээли менен айырмаланат.
Шайлоочулардын укуктары кандай?
— 11- декабрь күнү саат 8ден кечки 8ге чейин шайлоо болот, ал күнү өзү каалаган депутатты шайласа болот.
Маектешкен: Гулинур Нурманова
Редактору: Кызжибек Кушбакова
Сынак үчүн