Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагында 2017-жылда кандай иштер пландалып жатканын сурап билүү үчүн айыл өкмөт башчысы Насипа Жээнбаева менен маек курдук.

«Биздин Кара-Суу айыл өкмөтү эки айылдан, Ставрополовка жана Кара-Суудан турат. Айыл өкмөтү жылдын башында кабыл алган пландар бар. Пландарда көбүнчө айыл өкмөттүн социалдык жана экономикалык өнүгүү жагы биринчи орунга коюлат. Быйыл буйруса Ставрополовка айылында салынып жаткан ФАПты бүтүрүп, май айында ишке киргизебиз деген ойдобуз. Кара-Суу айылына дагы ушундай ФАП салып берсек деп жатабыз. Анан эми водокачка биринчи маселеде турат. Жылда эле бюджеттин тартыш болгонуна байланыштуу курчалбай келе жатат. Азыр биринчи планда водокачканы курчап, Жылдыз көчөсүнө сууну алып даярдап жерди казып түтүктөрүн салып, ошолорду ар бир үй-бүлөө киргизип алышса жакшы болмок», — деп билдирди Жээнбаева.
Даярдаган: Аймээрим Кадырбекова
Тренер: Гүлзада Бейшенбекова
Сынак үчүн