Жайыл районунун Кара-Суу айылынын Кара-Суу орто мектебинин ашканасына ремонт иштери жүргүзүлүп, жаңы ашкана эмеректери сатылып келди.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа Дженбаеванын айтуусу боюнча бул Швейцариялык долбоор жана аны Бишкектеги «Өнүктүрүү саясаты институту» ишке ашырды:
«Мектептин ашканасын ремонттоого 780 миң сом, ал эми ашкана эмеректерине 380 миң сом каралган. Долбоор боюнча 10% ти айыл өкмөтү жана айылдын жамааты каржылады – бул 108 миң сом.
Ашкананын ремонтуна тендер жүргүзүлдү. Тендерди Кара-Балта шаарында жайгашкан “Азия ВИН Транс” аттуу ишкана утуп, ремонт иштерин жүргүздү».
Бул долбоорду ишке ашырууда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн төрайымы Насипа Дженбаева жетектеген коллектив жана долбоордун башынан аягына чейин катышып, ишке ашыргандардын бири Кара-Суу орто мектебинин мугалими Марипа Каралаева болду.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы, Гүлзада Бейшенбекова