Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде “Ботокөз булак” балдар бакчасы жайгашкан. Бул материалда бакчадагы жана башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусу боюнча кыскача баяндап беребиз.
Балдар бакчасы мындан төрт жыл мурун Евро Биримдиктин жана Бириккен Улуттар Уюмунун каржылоосу менен ачылган.
Ратха Алгожоева балдар бакчасы ачылгандан бери ашпозчу болуп иштеп келе жатат. Анын айтымында, балдарга эки маал тамак берилет.
“Тамакты сапаттуу азык-түлүктөрдөн жасайм, балдарга жагымдуу тамак-ашты жасап бергенге аракет кылам. Эртең менен саат 7де келип ботко жасап берем, түштө болсо 1-2-жана компот же башка суусундук берилет. Андан кийин уктап тургандан кийин булочка же печенье берилет. Бакчада 24 бала тарбияланат. Тамакка ата-энелер 32 сомдон чогултушат, айыл өкмөт 18 сом берет – бардыгы 50 сом. Бул бир балага бир күндүк рацион”, — деп токтолду Алгожоева.
Ал эми мектеп ашпозчусу Гүлнар Сагынбаева болсо буларды айтты:
— Балдарга даяр булочка, коржик, печенье келет. Мына ошолорду чай же сүт менен беребиз. Быйыл мектептин мугалими Каралаева Марипа айыл өкмөтү менен бирдикте долбоор жазышып, миллион сомдук долбоорду утуп алышты. Азыр бул долбоордун тендери жүрүп жатат, тендер аяктаса эле мектептин ашканасы ремонттолуп, тамак-аш жасоо дагы жакшырып, балдарга сапаттуу тамактар бериле баштайт.
Мептептердеги тамак ашты жакшыртуу – бул көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Учурда бул көйгөйдүн үстүнөн өкмөт, ар кандай уюмдар жана БУУнун мекемелери иш алып барып жатышат.
Даярдагандар: Гүлзаада Бейшенбекова, Султаналы Чакчагаев.