15-ноябрь күнү биздин делегация Deutsche Welleнин Берлиндеги имаратында экскурсияда болдук.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Бизди DWнин кызматкери, биздин таанышыбыз Лидия Ранерт тосуп алды.
Бул имаратта DWнин студияларын, кызматкерлеринин иштеп жатканын, Германияда, Европада белгилүү диктор айымдын түз эфирге чыгып жатканын көрдүк. Бул жерде маалыматтар англис, немис, испан, француз, португал, араб тилдеринде берилет.





Студияларын жана андагы жабдууларды көрүп таң калдык.
Акырында имараттын үстүнө чыктык да, Берлинди жамгыр жаап жаткан учурда бийик имараттан көрдүк.
DW менен таанышкандан кийин ушул имаратта жайгашкан ALEX BERLIN аттуу чыгармачыл медиа платформа менен тааныштык.

Бул медиа өзгөчө контенттерди чыгаруу менен алек болот. Салттык программалардан башка бул жерде инновативдүү программаларды даярдашат.


Андан кийин түшкү тамак учурунда Лидия Ранерт жана Юрген Линке федералдык бириккен ачык каналдардын жетекчиси менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу тууралуу маек болду.

Андан кийин «Берлин дубалы» мемориалында болдук. Берлин дубалы тууралуу маалымат алып, мемориал жайгашкан жайды кыдырып, тааныштык.
Бул күнү Берлинде жамгыр жаап турду, бирок бул күн дагы кызыктуу өттү.
Мына, ошентип биздин дагы бир күнүбүз аяктады.
Иш сапардын башка күндөрү кандай өткөнү боюнча баяндама менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Даярдаган: Султаналы Чакчагаев.