Каракол шаарында 29-апрель күнү Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи тарабынан 5-6-класстарынын окуучулары үчүн уюштурулган олимпиаданын областтык туру болду. Олимпиаданын биринчи туру 15-апрель күнү онлайн өткөрүлүп, ага Ысык-Көл облусунун аймагындагы мектеп окуучулары кыргыз тили, орус тили, англис тили, математика, информатика сабактарынан тест тапшырышкан. Анын жыйынтыгында, 357 окуучу областтык турга чакыруу алган.
Иш-чаранын ачылыш аземинде Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору М.И.Курманалиев жана Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин жетекчиси Б.Э.Бектурсунович сөз сүйлөшүп, бул олимпиада биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын жана жылыга салтка айлантууну пландап жатышкандыгын баса белгилеп айтышты. Олимпиаданын катышуучулары үчүн жыйынтык чыкканга чейин футбол, волейбол, баскетбол оюндары жана чакан концерт, тамак уюштурулду.
Сыйлоо аземи К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда болуп, ага райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдери катышып, жогорку балл алган окуучулар грамота, кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Окуучуларды даярдаган мугалимдерге да грамоталар тапшырылды.
Бул олимпиадага Балыкчы шаарынан дагы окуучулар катышып, байгелүү орундарга татышты.
Аяна Джакыпекова