Ош облусунун Кулатов айыл аймагындагы карантин учурундагы балдардын ден соолугуна дарыгерлер тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп жатты. Жаш балдарды кырдаалга байланыштуу эмдөөлөргө чакырбай, үйлөрүндө болушту. Жаңы төрөлгөн наристелерди көзөмөлдөөчү убакыттарына карабастан мед айымдар үй шартында алардын абалын көзөмөлдөн өткөрүп турушту.
Жал айылдык №16 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк дарыгери Тургунали кызы Перизаттын билдирүүсүнө караганда:
«Кулатов айыл аймагындагы аймактык патронаж мед айымдар үйлөрүндө көзөмөл жүргүзүп турушту. Эгерде ооруп калган учурлар болгондо тез жардам аркылуу үй шартында дарылоого туура келди. Өзгөчө абал учурунда ооруканага келбөөнү аймактык мед айымдар айыл тургундарына кабарлап , эскертип турушту. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды 2 айлыкта жана башка жаштарында ала турган эмдөөлөрү кечиктирилип берилди. Карантин учурундагы төрөлгөн наристелерди 3,7, 17 күндөрү көзөмөлдөн өткөрүүнү да үйлөрүнөн кабар алуу менен өткөрүштү. Өзгөчө кырдаал алынгандан соң айылдын тургундарыны ооруканага жеке гигиенаны сактап, бет кап менен кирүүгө уруксат берилди. Ооруканада атайын ар бир жашоочунун дене табы өлчөнүп, антисептик пайдаланган соң киргизилип жатты. Андан сырткары изоляциа каанасы уюштурулуп, дене табы жогору болгон жашоочуларды Ноокат райондук ооруканага тез жардам аркылуу алардан анализ алуу үчүн жөнөтүп жаттык. Бирок азыркы учурда да оорукананын айланасы, ички бөлмөлөрү тиешелүү каражаттар менен зыянсыздандырылып жатат. Кулатов айыл аймагындагы жашоочулардан COVID-19 вирус жуктуруп алган учур катталган жок. Жашоочулардын саламаттыгы үчун оорукананын жалпы жамааты күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатабыз. Жашоочуларга да келген сайын гигиена тууралуу маалымат берип, эрежелерди сакташын жана адам көп топтолгон жайлардан өзүн сактоону эскертип жатабыз»,- деп билдирди.
Айылда балдар карантин учурунда убакытты кандай өткөрүп, эмне менен алек болгондугун сүрөтбаяндан көрүнүздөр.
Жалалова Таңнуру, Матраимова Айиса