Айыл тургундары карантинге карабай үйдөгү жумуштарын улантууну токтотушкан жок. Көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болушту. Короо ичинде ашкана салуу, үй салуу, сарай салуу жана башка ушул сыяктуу курулуштар жанданды.
Карантиндин дагы айыл тургундарына тийгизген жакшы жактарын алып карасак, мурун токтоп турган курулуш иштери азыр бүтүрүлүп жатат. Түп районундагы Карасае айыл аймагында мурда аталардын көпчүлүгү башка шаарларга иштеп кетишчи. Ошондуктан курулуш иштери токтоп калган учурлар көп болгон.
Карантинде жолдор жабык болгонуна байланыштуу, тургундар курулуш материалдарын сатуучу магазиндер менен телефон аркылуу байланышып, материалдарды бир гана Карасаев айыл аймагына буйрутма менен алдырып жатышканын айыл тургундары айтышты.
Карантинге карабай эмгектенген жайлоонун балдары
Тасма айылынын тургундары быйылкы жылды бардык нерсенин кадырын билдирген жыл дешүүдө.
Гүлназ Жумагулова, Аяна Жайлобаева