Өлкөбүздө белгиленген карантин убагында үй бүлөөлүк зомбулук 65%га өсүп, анын ичинде аялдарга карата зомбулук күчөдү. Мезгилдик байкоо менен карасак 2019-жылы 24-марттан 24-апрелге чейинки аралыкта Бишкек шаарында 100 факты катталган болсо, бул жылы ушул убакытта 162 үй бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.
Бул маалыматтар тийиштүү жактарга жеткирилип, Жогорку Кеңеште да депутаттар тарабынан маселе көтөрүлүп, атайын чаралар көрүлсүн деген сунуштар болду.Гендердик эскперт Авазкан Ормонованын айтымында карантин учурунда аларга жабыркап, жардам сурап кайрылгандарын саны көбөйгөн:
“Бул акыбалды бүгүнкү күндө ачып бере албасак дагы, бизге кайрыдгандардын санынан абал оорлоду деп айтсак болот. Зомбулкка бир гана физикалык жактан эмес моралдык жактан да кысым көрсөтүүлөр негизинен күнүмдүк жумуштарда иштеп үй бүлөсүн баккан адамдарда, жетишпестиктин айынан күчөп кетти. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен, кризистик борборлор тарабынан көңүл бурулуп атайын иштер жасалууда.”
Суусамыр өрөөнүндө карантин учурунда эле эмес башка учурда да үй бүлөөлүк зомбулук дээрлик аз кездешет. Зомбулуктун жокко эсе экендигин буга чейинки сюжеттерде да айткан элек. Балким жашыруун түрдө, атын атагысы келбей кайрылган тургундар болдубу деген суроо менен Суусамыр айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Надира Эсенгуловага кайрылдык:
Бизде мурун деле турмуштун оор кырдалына кабылган үй бүлөөлөр катталган эмес. Бирок биз көчөлөрдү кыдырып, андан тышкары мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, иштешип жаттык.”
Суусамыр айылдык кеңештин төрагасы Нурдасан Кулматов жана Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаевге байланышканыбызда да дал ушундай жоопту айтышты.
“Сезим” Кризистик Борбору карантин учурунда ыкчам байланыш менен 24 саат бою, дем алышсыз иш алып барууда. 23-марттан тарта “Сезим” Кризистик Борборуна өлкөнүн 5 аймагынан 92 жардам сурап кайрылгандар болгон. Анын 32-үй-бүлөөлүк жана сексуалдык зомбулук, 11-укуктук жардам сурагандар болсо, 30-финансылык жардам жана 15-COVID-19га байланыштуу психологиялык жардам сурап кайрылган.
“Карантин учурунда бизде ыкчам байланыш иштеп жатты. Мүмкүнчүлүгү болгондор 111ге кайрылып алар бизге жиберип жатышты. Бишкектен, өлкөнүн түштүгүнөн, Нарындан, Ысык- Көлдөн кайрылышты. Кайрылгандарга видео чалуу аркылуу онлайн түрдө андай учурда эгер качып кетүүгө болбосо өзүн кантип алып жүрүш керек экенин түшүндүрүп, жардам көрсөтүп жаттык.”-дейт борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.
-Азыркы маалда БУУнун жана Европа Биримдигинин демилеси менен зомбулкка кабылган аялдарды коргоо үчүн убактылуу кризистик борборлор уюштурулууда. COVID-19 учурунда катталган зомбулуктун күчөп кетүү маслелесин чечүү үчүн БУУнун жана Европа Биримдигинин демилгеси менен АКШ Кыргызстанга 200 000 $ акча каражатын бөлгөн.
Зыйнат Самар кызы