Өлкөгө өзгөчө абал киргенден тартып, адамдардын жашоосу бир төп өзгөрүүгө дуушар болду. Белгилүү болгондой, карантиндин алгачкы күндөрү эле той өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок учурда көпчүлүк, анын ичинде жаштар алдыда тойлор кандай болот же ушуну менен тыюу салынабы деген бүдөмүк ойдо турат.
Кыргызстанда карантин башталган алгачкы күндөрү эле жагымсыз жаңылыктар менен бирге позитивдүү окуялар да болгон. Алардын бири карантинге карабай баш кошкон түгөйлөрдүн онлайн тою. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарап, бир гана кыргызстандыктардын эмес, чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун жараткан. Ал тургай Коронавирус боюнча республикалык штаб дагы бул үйлөнүү тойду сүйүнчүлөп, эл менен бирге бөлүшкөн. Кырдаалга карабай баш кошкон жаштар Искендер менен Юлия. Алар нике күбөлүгүн алуу үчүн февраль айында эле каттоодон өткөн.
— Негизи, эң башкы кыйынчылык жол маселеси болду. Анткени, жолдор жабык болуп, блок-посттор коюлган эле. Анан албетте, өлкөдөгү абалга жараша бизди бакыт өргөсү деле күтпөсө керек…
Ал эми карантин болгону менен баш кошууну каалагандардын баардыгы эле үйлөнүп жатат деген түшүнүк – жаңылыштык. Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу жана коммуникация бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаеванын маалыматына ылайык, өзгөчө кырдаал шартында жарандардан бир ай мурда кабыл алынган арыздар каралып, никеге туруулары катталган. Ал эми өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенден кийин, никени каттоо кызматтары токтотулган.
— Өзгөчө кырдаал шартында арыздарды кароо боюнча чектелген иш мөөнөтү жана чектелген кызматчылар жумушка чыгып, жарандардын арыздарын карап жатышты. Ошол эле учурда берилген арыздардан баш тартып, башка мөөнөткө жылдырган жарандар да болду. Кыскача түшүндүрмө бере кетсек, никеге туруусун каттатуу үчүн жарандар бир ай мурун арыз менен кайрылышы керек. Ошол арыздарын кароо үчүн атайын бекитилген тартипте жарандар келип, өздөрүнүн күбөлүктөрүн алып кетип жатышты. Ал эми өзгөчө абал киргизилгенден тартып, мамлекеттик каттоо кызматтынын жарандарга кызмат көрсөтүүчү бөлүмдөрүнүн бардыгы жабылып, иш токтотулган.
Карантин башталган алгачкы күндөрү ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков абалга жараша тойлорго тыюу киргизүүнү сунуштаган. Ал эми бүгүнкү күндө ашыкча чыгым, тойдун коёндой окшош форматтары, кошумча ж.б тажаган эл арасында “той ушуну менен токтоп калса экен» — деген сөздөр айтылып келет. Мындан улам эл өкүлүнөн тойлорго чектөө киргизилиши мүмкүнбү деген суроого төмөндөгүчө жооп алдык.
-Карантинге байланыштуу тойлорду токтотуу демилгенсин көтөрүп чыктым эле. Эми бүгүн өзүңүздөр билгендей карантин бүтө элек. Тойлорго тыюу салынып, ресторан жана кафелер иштебей жатат. Бирок, коронавирус компьютердин дарты болбогон соң, анын качан бүтөөрүн айтуу кыйын. Турмуш токтоп калбайт, тойлор болот. Бирок, тойлорго уруксат берүү эрте. Ал эми карантин бүткөндөн кийин тойлор кандай болот деген суроо жаралып жатат. Албетте, той – жакшы нерсе. Биз жакшы нерсеге үмүттөнүшүбүз керек. Бирок, мезгил, доор өзгөрүп жатат. Тойдун да форматы да өзгөрүшү керек. Ар бир үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүктөрүн кароо керек. Эми тойдун форматы, келген кишилердин саны, керек болсо жайган дасторкондо дагы ысырапкорчулукту токтотуш керек. 200-500 кишини тойго чакырбай эле, 50гө чукул кишини чакырып бата алып, жакшылыкты белгилесе болот.
Бир канча убакыттан бери ушул жылы турмуш куруп, бүлөлүү болсом дегендер бир катар жакшы пландарды куруп, кыялдарды түзүшкөн. Ал гана эмес жаштар арасында 2020 – өзгөчө сан экенине маани берип, ага карата ай, күндөрдү да шайкеш кылууну, ресторанда тойду өзгөчө даталарды пландагандар арбын болгон. Мындан улам, турмуш куруу мезгилине келип калган кыз-жигиттерди кепке тартып, үйлөнүү той тууралуу ойлорун уктук.
— Өзүмдүн турмушумда да аябай чоң той өткөрүү зарыл деп эсептебейм. Шартка жараша иш кылам деп ойлойм. Негизи, өзүм тойго баруу ордуна саякат кылуу же табигат койнунда эс алууну жактырам. Үйлөнүү той бир гана ресторанда болуш керек деген ойдон алысмын.
— Негизи толук салты менен эле үйлөнөлү деп жатабыз. Алдыда, ата-энелер жолугуп, сүйлөшөт. Тойдун болоор же болбосу ошондо чечилет. Азыр карантин дагы болуп турат. Менимче, ашыкча чыгым болсо деле, элдин баарын бир эле чакырып бүтүрүп салган жакшы.
— Той да керек. Тойсуз – кызыксыз болуп калат. Бирок, тойду аша чаап жибердик деп ойлойм. Шартыбызга жараша иш кылбай, бир канча ырчы чакырып той берген кадимки көрүнүшкө айланып калбадыбы. Жаштардын үйлөнүү салтанаты чеги менен өтсө дейм.
— Азыркы шартта тойдун кереги жок. Тойго чектөө киргизип койсо туура болот эле. Биздин эл кээде ашыкча эле намыскөй болуп кетет. Мисалы, мен той кылбайм десем дагы ата-энем кылабыз деп айтышы мүмкүн.
Касиет Кубанычбек кызы