Кыргызстанда акыркы жылдары балдарга депозит ачтыруу аракети жанданып келет. Бирок, банкка салган акчамдын дайыны чыкпай калсачы деп күмөндүү ойдо жүргөндөр да жок эмес. Балага — депозит, аны ачтырууда эмнеге маани берүү керек?
Алты жаштагы Мээримдин келечекте билим алуусу үчүн бир топ убакыттан бери акча каражаты топтолуп жаткан чагы. Тактап айтканда, Мээримдин апасы Бактыгүл айым, айлык кирешесинин бир бөлүгүн банктагы эсепке салып келет. Анын депозит колдонуп жатканына төрт жылдын жүзү толду.
— Депозиттин 2 түрүн колдоном. Экөө эки башка банктыкы. Бири, «менин балам» деген депозит. Кызым окууга барганда даяр каражат болсун деген максатта 2 жашында ачкам. Эки жыл бою, айына беш жүз же миң сом болсо да толуктап турганга аракет кылам. Бул депозиттин сактоо мөөнөтү аз дегенде 5 жыл болушу керек. Акчаны албаганда өзү автоматтык түрдө 13% менен узара берет. Экинчиси “мөөнөттүү депозит” деп аталат. Анын пайызы жогору болгон үчүн тандагам. Эки жылга деп акча салып, аны үстүнө сумманын 14% кошулат. Негизи мындай мөөнөттүү депозиттер банктарга жараша сактоо мөөнөтү же пайызы менен айырмаланат.
Бактыгүл айым колдонгон эки түрдүү депозиттерге токтолсок, балага арналаган депозит анын келечеги үчүн – коопсуздук катары саналат. Анткени, топтолгон акчанын бар экендиги ата-энелерге да жеңилдик берет. Ал эми мөөнөттүү депозит – акчаны үйдө чогултканча, аз пайыз менен болсо да банкка салып койсо,ал ишенимдүү чогулат деген каарманыбыз, аны көлөмдүү оокат ж.б нерсеге коротсо боло дейт.
— Ата энелерге кеңешим, баланын келечеги үчүн деп өздөрү күнүмдүк жашоодон эле күнүнө 20-50 сомдон алып койсо козгө көрүнөбү? -Жок, демек 20 сомду 30 күнгө көбөйтсөңүз, 600 сом, же күнүнө 50 сомду бир айга көбөйтсөңүз 1500 сом болот. Ошол акчаны айлык акы алганда дароо жокко чыгарып, банкка салып коюш керек. Келечегине да кандайдыр бир чогулткан акчам бар деп жүрөгү тынч болот. Ал эми банкты тандоодо көп жылдан бери иштеп келе жаткан, абройу таза банкты тандасаныз болот.
Ишкер айым, кызы 10 жаштан өткөндө ага банктан эсеп ачууну пландап келет. Бул кадам менен балага финансылык сабаттуулукту үйрөттүүгө болоорун белгилейт. Тактап айтканда, баланын күнүмдүк жашоосуна коротулчу акчаны ай сайын которуу. Мисалы, бир айга үч миң сом. Бул акчага бала кайсы учуда китеп, кийим ж.б нерсени алууну пландап баштайт. Чындап эле балага акча кармоону эрте үйрөтүү сунушталат.
Азыр Кыргызстанда да депозит колдонуу абдан ыңгайлуу болуп бара жатат дейт экономист Амангелди Жумадилов. Бир топ банктар депозит бергендиктен, эң алгачкы кадамды банктардын сайтып ачып, маалыматтарды алып, салыштыруудан баштаса болот. Эгер Кыргызстан калкы депозит колдонууга көнсө, ар бир жарандын сакталып турган акчасы болсо – ал мамлекеттин өнүгүшүнө да салым кошмок, андай учурда насыялардын пайызы да төмөндөмөк дейт.
— Банктын, насыянын негизги булагы – депозит. Ошол депозиттерге эле кайра банк башкаларга насыя берет. Бул жалпы мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жакшы. Ал эми ар бир үй-бүлөнүн өнүгүүсүнө токтолсок, баланын келечеги үчүн депозиттин да артыкчылыктары абдан чоң.
Акчаны тартип жана пайыз менен чогултуу. Бизде түшкөн акчаны корото беребиз, бирок аны сактай албайбыз. Акча негизи колдо, үйдө же сандыктын ичинде турса да ал коротулуп келет. Азыр эми эң чоң көйгөй билим берүү болуп жатпайбы. Бала бакча, мектеп, университеттин баардыгы кымбаттап бара жатат. Мүмкүнчүлүк болсо, бала төрөлгөндөн тартып колунан келген акчаны депозит катары салып баштаганы жакшы.
Акчанын наркы. Дагы бир нерсе, акчанын наркы жылдан жылга түшүп турат. Бирок, депозиттеги пайыз сомдун наркын кетирбей турат деген үмүт бар. Канчалык узак мөөнөткө салынса, ошончолук пайызы көп болот. Демек, акча өзүн-өзү актайт.
Ашыкча чыгымдан арылып, акчаны максаттуу чогултуу. Биз сактай турган акчабыз деле жок деп ойлойбуз. Бирок, чындап карап келсек ашыкча чыгымдар көп. Биринчи дегенде эле, тойго, кошумчага, дос-тааныштардын туулган күнү, жөн эле чакырылган коноктор, күнүмдүк бирдикке коротулган акча ж.б айтор толтура. Эч кандай акча чогултпай, депозит колдонбой төлөгөнү келгенде кыйналып калып жатабыз. Мындан улам, насыя, карыз же “процент” алууга туура келип жатат. Насыя алганда ошол алган сумманы гана эмес, пайызын да төлөп жатпайбызбы.
Балдардын эртеңине кам көрүү. Мисалы, азыр акча болуп, кийин акча болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан, болочокко карай камсыздык чаралары десек болот.
Ал эми депозиттин тобокелчиликтери:
1. Ишенимдүү банк тандо зарыл – банк жабылып калса, акчаны кайра кайтарып алуу бир аз маселе жаратышы мүмкүн. Бирок, депозиттерди коргоо боюнча агенттик бар. Аларга ай сайын депозиттин белгилүү бир суммасын которуу керек. Аларда банк жабылып калса да, төлөп бергенге кепилдиги бар.
2. Кайсы валютада салат ошого маани берүү керек. Мисалы, инфляция болсо, азыркы акчадан кийинки акчанын наркы түшүп калуу коркунучу бар. Ошондуктан, банкка депозит салууда пайыздык көрсөткүчтөрүнө маани берүү керек.
Сиз банкка депозит ачтырууну чечтиңиз дейли. Маани бере турган нерселердин биринчиси — банктын ишенимдүүлүгү болсо, экинчиси – пайыздык чендери. Улуттук банктын финансылык сабаттуулук секторунун адиси Нурсултан Мукашев, депозит салууда пайыздык ченди эсептеп, кандай пайда түшөөрүн түшүнүү зарыл деп белгилейт.
— Банкка аманат катары берилип жаткан акчаны туура башкаруу үчүн депозиттерге чегерилүүчү пайыздык ченди эсептеп, андан кандай пайда түшөөрүн билүү зарыл.Мындай эсептөөлөрдү депозиттик келишимге кол койгонго жана каржылык операциялардын башталышына чейин жүргүзүү керек. Мындай эсептөөлөр түзүлгөн депозиттик келишим боюнча пайыздардын суммасын депозиттин негизги суммасына туура топтолушун аныктоого мүмкүндүк берет. Пайыздарды эсептөө тартиби белгиленген жана өзгөрүлмө пайыздык чендеринин негизинде аныкталат.
Белгиленген пайыздык чен — аманат келишиминде бекитилген пайыздык чендин өлчөмү аманат салынган мөөнөт ичинде өзгөрүлбөстөн сакталып келет. Өзгөрүлмө пайыздык чен — алгач алынган пайыздык чен аманат салынган мөөнөттүн ичинде өзгөрүлүшү мүмкүн. Пайыздык чендин өзгөрүшүнүн шарты жана тартиби аманат келишиминде белгиленет.
Касиет Кубанычбек кызы