«5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө» карата жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмү тарабынан Жаш куткаруучулар сынагы уюштурулду.
Иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Мирлан Токтогулов, Базар-Коргон шаарынын Мэри жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, билим берүү мекемелеринин окуучулары катышты.
Иш чарада өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу жумуштары, мектеп окуучуларынан түзүлгөн жаш куткаруучулардын биринчи жардам көрсөтүүсү, эстафета, дил баян, сүрөт конкурсу, ЖК кызматтарынын күч каражаттарынын өзгөчө кырдаалдар учурундагы көрүнүшүндө практикалык иш чара менен коштолду.
Базар-Коргон райондук администрациясы демөөрчүлүк кылып жеңүүчүлөр ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.
Биринчи орунду Базар-Коргон районундагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин жаш куткаруучулары ээледи.
Жаш куткаруучулардын тобунун мүчөсү Бекдияр Абдразаков, сынак жогорку деңгээлде өтүп, пайдалуу болгон биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнгөндөрүн белгиледи.
Мындай иш-чаралар ар түрдүү кырсыктардын тобокелдигин алдын алууга жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга шарт түзөт.
Нурэлес Камилов, Сабина Кылычбекова