Талас шарында карантиндик блок постторго бейөкмөт уюмдар мониторинг жасашат.
“Таласта коронавирус жок” деген ишеним менен көчөгө чыккандардын саны көбөйүп, жергиликтүү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы А.Шамбетова жергиликтүү телеканалдар аркылуу элди үйдө карантиндин шарттарын сактап олтурууга чакырды.
Көчөдө көбөйгөн элди азайтуу максатында Талас шаарынын борбордук аянтына, базарга өтүүчү жолдор жабылып, Covid-19 вирустук илдетинин алдын алуу аракеттери жасалууда.
— Жолдорду оорунун алдын алуу үчүн жаап жатышат, бул жакшы бирок, көпчүлүк аптека, магазиндер негизинен базар тарапта болгондуктан машина менен өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды, -дейт Талас шаарынын тургуну Д.Давлетказиев.
Талас шаарына батыш, чыгыш тараптан кире турган негизги жолдордун баары жабылып, блок посттор коюлган.
Ал эми бейөкмөт уюмдар жана демилгелүү жарандар “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Жарандык биримдик демилгеси” долбоорунун алкагында блок постторго мониторинг жасап байкоо жүргүзүшмөкчү.
Даярдаган : Мира Сейдикеримова , Кундуз Мырзалиева