Коронавирус пандемиясына байланыштуу мектеп окуучулары 18-марттан тартып аралыктан окуп жатышат. Карантин маалында үй-бүлөдө чыр-чатактар көбөйүп, андан негизинен аялдар менен балдар жабыркап жатышканын адистер ырастап келишет.
Негизинен ата-энелер тарабынан, балдарга зордук-зомбулук, чектөөлөр көп болду. Мектептеги билим алуу менен үйдөгү билим алуунун ортосундагы өтө чоң айырмачылыктар бар экен. Мисалы, бала мектепте өзүн эркин алып жүрө турган болсо, үйдө кандайдыр бир чектөөнүн негизинде билим алды деген пикирин Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди:
“Бул боюнча биз ата-энелерге түшүндүрүү иштерин, окуучулардын маанайын көтөрүү максатында видео роликтерди даярдап, кылдаттык менен иш алып бардык. Ошонун негизинде окуу жылын тынчыраак аяктадык”.
Жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында бул учурдан тартып Тогуз-Торо районунун аймагында милиция тарабынан тынымсыз жумуштар жүргүзүлүп турду дейт Жалал-Абад Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев.
Ага ылайык, жалпы эл менен катар өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумдары да көзөмөлгө алынып, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына өзгөчө кырдаал шарттары тууралуу маалыматтар, санитардык талаптарды, жеке гигиенаны сактоо менен карантин учурунда жөнү жок көчөдө жүрбөй үйдө болуу керектиги айтылып жатты.
“Бактыга жараша карантин учурунда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуулар, аларга карата кайрылуулар, зордук-зомбулук фактылары катталган жок. Өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын жана жоруктардын саны бир топко кыскарды. Тактап айтканда өзгөчө абал киргизилгенден бери жалпыга бирдей жүрүм-турум эрежелерин бузган, өспүрүмдөр катышкан 1 факты Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне 2020-жылдын 24-май күнү каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө. Ал эми былтыркы жылы 1-январдан 25-майга чейинки аралыкта өспүрүмдөр арасында 5 ке чукул кылмыш катталган”.
Карантинде чоңдорго караганда жаш балдарда түшүнбөстүк көп болот дейт психологдор. Анткени чоң адамдар массалык маалымат каражаттарынан жаңылыктарды окуп, көрүп маалыматтуу болот. Бирок, балдарда маалымат аз болуп, эмне үчун достору менен жоолукпай, мектепке барбай жатканына түшүнбөгөндөн балдарда бук болуу абалы жаралат дейт. Ал эми педагог Асылбек Жооданбеков бүгүнкүдөй оор кырдаалда ата-энелер балдарына мээримдүү болушу зарылдыгын баса белгилеп, карантин эрежелерине кантип баш ийдирүү керектигине токтолду:
“Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, эгерде кичинекей, кенже курактагы балдар болсо аларды коркутуп,жүрөгүн үшун алыштын кереги жок.Баланын өздөрүнүн тили менен түшүнө тургандай түшүндүрүш керек. Ал эми өспүрүм курактагы балдарга түшүндүрүүдө, ошол кооптуу жагдайлар.Эгерде буга маани бербесе, үйдө отуруп түшүнбөсө, ал өзүнүн өмүрүнө эмес, ата-энесинин, жакындарынын өмүрүндө коркунуч келтире тургандыгын айтып, бир ортодо эреже иштеп, чыгып алыш керек”.
Бир гана карантин учурунда эмес, кадимки тынч жашоодо деле балдарга мээрим төгүп, туура тарбия берүү абзел. Бүгүнкү күндө кээ бир ата-энелер материалдык кызыкчылыктарды жогору коюп жатканы өкүнүчтүү дейт Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаева:
“Сапатсыз, жоопкерчиликсиз, үй-бүлөлөр учурда көбөйүп, бугүнкү күндө социалдык жетим балдар көбөйүп жатат.Тарбиялык иштерди күчөтүү керек. Кээ бир учурда ата-энелер материалдык кызыкчылыктарды жогору коюп, балдарына толук кандуу мээрим бербей калып атат”.
Анара Мааметова