Өлкөдө соңку жылдары балдарга карата ырайымсыз көрүнүштөр байма-бай катталууда. Бул зомбулук же ата-эне менен баланын ортосунда болгон түшүнбөстүктөр карантин учурунда күчөгөндүгүн айта кетебиз. Жумушсуз калган ата-энелер акчанын жетишсиздигинен материалдык жана моралдык, психологиялык жактан кризискее кабылып, жабыркады.
Мунун кесепетинен үй бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда түшүнбөстүктүн саны көбөйүп, анын ичинде ата-энеси мигрант болуп чет жерде жүргөн балдардын зомбулукка кабылуу коркунучу көбүрөөк. Бүгүн дал ушул темада адистердин оюн угуп, Суусамыр өрөөнүндөгү абалга токтолобуз.
Кыргыз Республикасынын акыйкатчы аппаратында 115 ыкчам байланышы иш алып барып турган. Ага жарандарды анонимдүү түрдө жана бардык байланыш түйүндөрүндө акысыз кабыл алып турушкан. Бул жана башка маалыматтарды акыйкатчы аппаратынын балдарды жана үй бүлөнү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзина Бообекова айтып берди:
Кыргыз Республикасынын акыйкатчы аппаратынын балдарды, аялдарды жана үй бүлөнү коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзина Бообекова
“Бизге ата-энелер, балдар өздөрү чалып жатышты, анонимдүү түрдө. Күйөөм мени, балдарымды уруп жатат деп кайрылган аялдар болду. Биз жети облустагы өкүлчүлүктөр, ички иштер министрлиги, эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен иш алып барып жаттык. Андан тышкары былтыр “Сезим” кризистик борбору менен мемореандум түзгөнбүз, алар менен да иштеп жаттык.”
Дистанттык окуу учурунда мектеп жамааты окуучулар менен түз байланышта иш алып баршыты. Ошол себептүү карантин учурундагы балдардын абалын сурап Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин директору Кыялбек Белеков жана Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин директору Азамат Кашкариевге кайрылдык:
Кыялбек Белеков
“Андай зомбулук тууралуу байкаган жок буз. Видеосабактарды тартып, класстык сааттар өтүлүп, мугалимдер иш алып барышты.”
Азамат Кашкариев
“Андай катталган жок. Ар бир класс жетекчи ата-эне менен түз байланышат.Вотсап группаларда сүйлөшүп жатышты. Тескерисинче ата-эне балдарды жана абалды туура түшүнүү менен мамиле кылып жатышты деген ойдомун.”
Мектеп жетекчилеринин айтканын Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт ырастады:
Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт
“Жыл башынан бери эле балдарга зомбулук катталган жок. Карантинге чейин жашы жете электер менен иштөө инспектору мектепти кыдырып түшүндүрүү иштерин жургузгөн болчу. Андан кийин түнкү 12ден кийин көчөдө жүргөн балдарды кармап, ата-энесине тапшырып, абалды тактап жаттык.”
Педагог Асылбек Жооданбеков ата-эне баланы күнөөлөбөстөн, ага кол сунуп, анын өспүрүм курактагы абалын кабылдап, үй бүлөлүк жагайды жайгарса болоорун айтты:
Асылбек Жооданбеков, педагог
“Менин практикамда зомбулук көрсөтүп баласы убактылуу үйдөн чыгып кеткен учур болду. Ата-энеси менен мугалими кайрылган болчу. Бала 17ге чыгып калыптыр, ал убактылуу үйгө баруудан баш тартты. Ооба ата-энелер кризисге кабылды, аны да түшүнсө болот. Бирок ошол эле учурда алардан да түшүнүгү аз балдардын пандемияны кабыл алуусу оор болуп, ата-энеден да бала көбүрөөк кризисге кабылуусу мүмкүн. Ошондуктан балдардын ата-энеси катарында алардын өспүрүм курактагы критикалык абалда экендигин эске алып, түшүнүү менен мамиле кылуу керек.”
Урматтуу окурман, урматтуу ата-эне, жогорудагы кеңештерди эске алып, үй бүлө очогун өчүрбөй анын бекемдигин сактоого чакырабыз!
Зыйнат Самар кызы