Чолпон айыл аймагындагы жайыт ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү жамаат тарабынан айыл тургундарынын арасынан тажрыйбасы, кадыр-баркы бар, жайыт ресурстарын натыйжалуу жана аяр пайдалануу жана башка ушул өңдүү тармактардагы маселе боюнча көчмөн кыргыздардын салттуу билимдерин мыкты билген инсандардан “Өнүгүү, Насаат Кеңеши” уюшулду.
Жайыт комитетинин жетекчиси Урмат Өмүрбеков катышуучуларга жайыттын абалы тууралуу айтып жаткан учуру
27-май күнү Чолпон айыл өкмөтүндө жалпы жыйын болуп өттү. Жыйында “Өнүгүү, Насаат Кеңешинин” жалпы жобосу кабыл алынды. Кеңешти түзүүнүн максаты болуп айлана-чөйрөнү коргоодо, жайыттарды сактоодо, ошондой эле көчмөн турмуштун салттуу билиминин негизинде биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү сактоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо боюнча уюштуруучулук, консультативдик, техникалык планына жардам берүү болуп эсептелет.
Аксакалдар кеп-кеңештерин айтып жаткан учур
Жыйында жайыт комитети Урмат Өмүрбеков тарабынан жайыттарды сарамжалдуу пайдалануунун салттуу ыкмалары тууралуу жергиликтүү жайыт колдонуучуларга болуп жаткан иштер жөнүндө маалымат айтылды, ошондой эле биомаданий артүрдүүлүк боюнча жалпы түшүнүк берилди.
Жыйындын акырында суроо-жооптор айтылды жана талкуу жүргүзүлдү.
Нурайым Эмилбекова, Перизат Таштанова