Дүйнө жүзүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Кочкор районунун Чолпон айылына «Материалдык резерв» фондунан 5 тонна ун берилди.
29-май күнү 100 мүшөк ун Чолпон айылына караштуу болгон айылдардын элине аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга ошондой эле жетим жесирлерге таратылды.
Ундарды таратуу учурунда
Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Боогачиев Алтынбек Качкынович буларга токтолду:”Биздин Чолпон айыл өкмөтүнө «Материалдык резервтен» экинчи ирээт гуманитардык жардам көрсөтүлүп жатат. Биринчи жолкусунда 2 ай мурун 119 мүшөк ун таратылган эле. Ал эми бул жолкусунда 100 мүшөк ун таратылды.”
Перизат Таштанова, Нурайым Эмилбекова