Лейлек районунун Сумбула айылында карышкырдын 8 бөлтүрүгү тирүүлөй кармалды. 21-май күнү Мухиддинов Набижан жетектеген айылдык мергенчилер тобу кармаган.
Бүгүнкү күндө карышкырлар аталган аймактын мал чарбасына чоң зыян келтирип жатат. Аймактардын жайыттарында карышкырдын саны кескин көбөйүп, тургундардын жайытка жаңы чыккан бодо малдарына жана жылкыларына кол салып, чон чыгымдарды алып келүүдө.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүнү вет инспектору Набижан Мухиддинов төмөнкүлөрдү билдирди:
Карышкырлардын санын азайтуу максатында мергенчилер тобу бүгүнкү күндө 8 баш бөлтүрүктү тирүүлөй кармап, айыл өкмөттөн сыйлык алууга жетишти. Кармалган бөлтүрүктөр Райондук мергенчилер тарабынан жок кылынат. Статистикалык маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин аймакта 15 карышкыр мергенчилер тарабынан атылып, жок болду.
Абдураим Джураев