Нарын районуна караштуу Куланак айылы тоо түбүндө жайгашкандыктан кардын эриши айыл тургундарын кооптондурат. Учурда болгон күч аракеттер жумшалганы менен кырдаал курч бойдон калууда.
Быйылкы кыш кардын калың түшүшү жана суук болушу менен жылдагыдан айырмаланды. Абанын температурасы жылый баштагандан бери айыл тургундарына сел жүрүү коркунучу жаралып, учурда алдын алуу иштери жүрүп жатат. Ага карабастан 23-24-25-март күндөрү кардын эришинен айылдын окуу жай жана он сарай чөлкөмдөрүн суу каптап жаткан учур.



Куланак айылынын өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Эмил Солтобаев селдин алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтат.
«Күндүн тез жылышынын кесепетинен жана кардын оор түшүшү ушул абалга алып келип жатат. Колубуздан келишинче “Нурбай”, ”Училища”, ”Он сарай”, ”Кур кокту” чөлкөмдөрүн тосконго аракет кылдык. Мешокторду топо, гүлгө толтуруп суунун жолдорун тозот кылып жатабыз. Бул нерсе айыл тургундарын убактылуу эле суунун капташынан сактай алат. Мындай учурда техниканын күчү керек. Учурда техника күтүп калдык”, — деп билдирди Солтобаев.


Айыл тургуну Мирлан Давлетов «23-марттан бери үйдү каптабасын деп болгон күчүбүздү жумшап, келген сууларды чакалап төгүп жатабыз. Ага болбой эле эшиктин астын жана үйдүн жер төлөсүнө чейин суу каптап кетти. Эшиктен үйгө кирбестен эле кечке суу тозоттоп жүрөбүз” дейт.
Куланак айылындагы кырдаал курч бойдон калып жатат.
Даярдаган: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн