«Адеп ыйман жана маданият» жылына карата Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер арасында уюштурулган мини футбол боюнча мелдешке жалпысынан сегиз мектептин окуучулары катышты.
Иш-чараны Төрөбай Кулатов атындагы айыл өкмөтү каржылады. Жалпы байге фонду 2000 сомду түзгөн.




«Бул мелдештин дагы бир максаты — жаш өспүрүмдөрдү бири-бири менен өз ара достукка чакыруу жана рэкетчиликти жоюу», — деп билдирди «Апшыр-Ата» спорт комплексинин башкы машыктыруучусу Э. Ашимов.

Узакка созулган бул мелдеште Т. Бекиев атындагы орто мектебинин окуучулары финалда Баглан орто мектеби менен ат салышып, жыйынтыгында 3:1 эсебинде 1-орунду багындырып, мини футбол боюнча өтмө кубокту утуп алды. Ал эми Баглан орто мектеби 2-орун болсо, 3-орунду Т. Айбашев атындагы орто мектебинин жаш футболчулары ээледи.

Ошондой эле бул оюндун жыйынтыгында жакшы ойногон жаш спортчулар диплом жана мыкты чабуулчу, мыкты дарбазачы, мыкты коргоочу, мыкты команда, мыкты калыс жана мыкты оюунчу грамоталары менен сыйланышты.
«Ушундай оюндарды ар дайым уюштуруп турушун каалайт элем», — деп билдирди Бекиев командасынын чабуулчусу Шералы уулу Тимур.

«Бул жеңиш биз үчүн сыймык. Жеңишке жетишүү аябай кыйын болду. Ошентсе да командабыз бири-бирибизди түшүнүп ойногондуктан жеңишке жетиштик», — дейт Бекиев командасынын оюнчусу.
Даярдаган: Гулкайыр Маматова
Редактору: Рысбек Маматов
Сынак үчүн