Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда 24-март күнү мектептер арасында футбол боюнча зоналык мелдеш болуп өттү. Ага 5 мектептин балдар командалары катышты.
Зоналык футбол боюнча таймашта Б.Саттаркулов орто мектеби жеңишке жетти. Алар финалда Андарак 2 орто мектеби менен беттешип 2:2 эсебинде тең чыгышып пенальти тебишти.

Б.Саттаркулов орто мектеби 6:5 эсебинде утуп чыгып райондук турга жолдомону алышты. Бул тууралу аталган мектептин окуучусу Бекжан Артыкбаев:
— Биз бүгүн жеңишке жеттик. Пенальти тебишип чечүүчү голду мага тапшырды. Аракет кылып гол сокконго жетиштим.

Манас атындагы орто мектебинин окуучусу Закир Разаков бул тууралуу оюн мындайча билдирди:
— Мен бүгүнкү оюнда дарбазачы болуп оюн көрсөттүм. Андарак 2 орто мектеби менен ойноп 1:0 эсебинде утулуп калдык. Алар офсайд менен гол сокту эле аны калыс көрбөй калып голго эсептеп койду.

Мелдеште Андарак 1, Андарак 2, Манас, Б.Саттаркулов, Боронбаев орто мектептери күч сынашты. Акыркы он жыл аралыгында зоналык оюндарда Манас атындагы орто мектеби жеңиштерге жетип келген эле.
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн