Ковид-19 илдети Кыргызстанда биринчи жолу 2020-жылдын март айында катталган. Андан бери дээрлик бир жылдан ашык убакыт өттү.Тилекке каршы учурда бул ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор дагы деле катталууда. Дарыгерлердин айтуусу боюнча вирус кары-картаңдарга , кант диабети менен ооругандарга жана иммунитети төмөн адамдарга жукса, анда алар көбүрөөк жабыркашат.
«Таза абада көбүрөөк болуу ден соолукка пайдалуу»- дейт Анарбүбү апа
Анарбүбү апа: «Менин атым Анарбүбү, 77 жаштамын. Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургунумун. Өткөн жылы жайында оорудум; дене табым көтөрүлүп, тамагым ооруп, өзүмдү начар сездим, Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анын айтканын аткарып, жазып берген дарыларын убагында ичип турдум. Үйдө болдук, эки жакка айылчылаган жокпуз, эгерде ооруканага барсак дайыма бет кап тагынып, жаныбызга антисептик салып жүрдүк, албетте, аны колдондук. Дарыгердин айтканын так аткарып бул илдетти аман-эсен жеңип чыктык. Ал эми быйыл бул оорудан алыспыз. Эң башкысы эрежени так аткаруу керек».
Ал эми ушул эле айылдын тургуну , 82 жаштагы Асыкбай Тезекчиев биздин суроолорубузга кыскача төмөндөгүдөй жооп берди.
-Саламатсызбы ата, сиз канчанчы жылы кайсы жерде төрөлгөнсүз?
-Мен 1939-жылы 4-сентябрда Кара-Суу айылында төрөлгөм.
-Азыркы учурда ден-соолугуңуз кандай?
-Кудайга шүгүр, ден-соолугум жакшы, оорудан алыспыз, өзүмдү жакшы сезип турам.
-Айтсаңыз, айылда сиз курактуу адамдардын арасында Ковид-19 илдети менен ооругандар жокпу?
-Мен курактуу карыялардан сасык тумоологондор болгон жок, эч ким оорубай эле койсун.
-Карантин жаңы башталган учур менен азыркы учурду салыштырып айта кетсеңиз.
-Былтыр кырдаал оор болду,көп адамдар ооруп, арасында каза болгондор болду. Азыр болсо абал туруктуу. Айылда ооруган адамдар тууралуу укканым жок.Эң башкысы туура тамактанып, көп кыймылдап жана таза абада көбүрөөк жүрүш керек.
-Маегиңизге чоң рахмат, ата. Ден-соолукта болуңуз!
Айжаркын Эркинбек кызы, Азима Шакирова