Ковид -19 вирусу дүйнө жүзүнө тарап, анын ичинде Кыргызстанда да оруну жугузуп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Азыркы учурда коронавирустун алдын алуу максатында өлкө боюнча вакцинация жүрүп жатат.
Кеңеш айыл аймагындагы №9 ҮДТнын ага фельдшери Бактыбай Калыков вакцина дарыгерлерге гана келгенин элге азырынча келе электигин билдирди:

№9 ҮДТнын ага фельдшери Бактыбай Калыков
«Медицина кызматкерлери эл менен көп иштешкендиги үчүн вакцинаны алар биринчи болуп алат. Бизде жалпы 36 кызматкер ковидке каршы вакцина алышты.
Коронавирустун алдын алуу, жугузуп албоо жана ошондой эле ден-соолукту чыңдоо үчүн вакцинация жүргүзүлөт. Вакцинанын баш оору, алсыздатуу, аллергиялык реакция берүү сыяктуу терс таасирлери да болушу мүмкүн. Ал эми кант диабет жана аллергиялык оорусу барларга мүмкүн эмес».
Куу-Майдан айылынын тургуну Талип Абдразаков ковидке каршы вакцина туурлауу интернеттеги ар кандай жалган маалыматтарга ишенбеш керектигин айтат:

айыл тургуну Талип Абдразаков
«Мамлекетибиз атайын элдин, калктын камын ойлоп чыгарып жаткандан кийин вакцинаны алуу керек деп ойлойм. Оорубасын деген ниетте чыгарып жатышат да, менин буга көз карашым түз. Биздин ооруканага келери менен барып алам».

Мектеп мугалими Гулнара Мурзамуратова
Мектеп мугалими Гулнара Мурзамуратова: «Мен вакцина алган жокмун, себеби, бизге азыр келе элек. Эгерде биздин мектепке да келсе текшерилип туруп анан алышым мүмкүн. Дарыгерлер биринчи текшерип алып анан бериши керек. Мисалы өтүшүп кеткен оорулар, давлениясы барлар бар”.
Аймончок Кожонова