17-октябрь күнү Кочкор райондук Маданият үйүндө окуучулар, мугалимдер үчүн тарбиялык мааниге ээ болгон «Карт дарактын көз жашы» аттуу спектакль көрсөтүлдү.
Жылдыз Саитова Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалык драма театрынын актрисасы бүгүнкү спектакль жөнүндө маалымат берди:
Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актрисасы Жылдыз Саитова бүгүнкү спектакль соцаилдык драма экенин белгилеп, терең мазмуну бар экенин билдирди.
«Бүгүн биз Кочкор элине драматург Кыял Асаналиеванын «Карт дарактын көз жашы» аттуу спектакль алып келдик. Бул социалдык драма, көрүүчүлөрдү ойлондурган, ойго салган драма. Окуучуларга бүгүн пьесаны эки жолу койдук, жакшы кабыл алуу менен көрүп жатышат. Спектаклди койгон режиссер Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Орунгул Кожомкулова. Быйыл эл аралап, Кочкор жергесине өзүбүздүн чыгармачыл топ менен гастролго келдик».
Кылыч Андашев 1992-жылдан бери Касымалы Жантөшев атындагы театрында көп каармандардын образын жаратып, бүгүнкү пьесада Чалдын ролун ойноп, өзүнүн талантын көрүүчүлөргө тартуулады.
«Бүгүн Кочкор жергесине ыйман, тарбиялык мааниси бар драма коюп жатабыз. Окуучулар жыкшы кабыл алып жатышат деген ойдомун, анкени кол чаап, кунт коюп угуп, көрүп жатышат».
Спектакль Кочкор жергесинде эки күн коюлуп, көп көрүүчүсүн тапты.
Канайым Мирланова