Ушул жылдын 13-апрель күнү Казакстан өлкөсүндөгү Түркестан шаарында өткөн Эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 10-классынын окуучу Элнура Казиева катышып, 2-орунга ээ болуп келди.
Маалыматка караганда атаандаштары абдан күчтүү болгондугун айтат:
“Таймашка катышкан кыздардын саны жалпысынан 360 кыз болду. Анын ичинен 73 килограммга күч сынашакан сегиз кыз болдук. Алардан мен финалга чыгып бир казак кыздан жеңилип калдым. Ошентип 2-орунга ээ болдум.”
Элнуранын апасы Гүлнара Сулайманова кызынын бул спортко болгон кызыгуусу кичинекей кезинде эле башталгандыгын айтты:
«Кызымды 5-классында күрөшкө катыштырганбыз. Бирок айылда кыздардын күрөшү болбогондугуна байланыштуу токтотуп койгон. Элнура бир жылдан бери кайра күрөшкө катышсамбы деп эңсеп келген. Анан 20-мартта Нарынга Болот деген агайына алып барганбыз. Ал агайы жактырып, анан 15 күндүн ичинде Казакстанга барып ушундай жыйынтык чыгарып келди.»
Элнура Казиева бүгүнкү күндө дагы мелдештерге даярданып жаткан мезгили.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков