Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө жалпы беш орто мектептер бар. Жаңы 2021-2022-окуу жылынан баштап мыкты окуган окуучуларга ай сайын стипендия берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Шапиев Билим күнүнө карата уюштурулган линейкада билдирген.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап мектептерди кыдырып чыкты. Ал линейкадагы сөзүндө окуучулардын билим деңгээлин өркүндөтүү үчүн мугалимдер менен чогуу иштешип, болгон аракетин жумшарын билдирди.
“Көрүнүктүү саясатчылар, спикер, лидерлер, Нуржигит Кадырбеков, Идирис Айтбаевди чакырып, окуучуларга мотивация берүү максатында айына бир жолу жолугушууларды өткөрүп турабыз. Акча каражатын таап, депутаттарга коюп, чечим чыгарып алсак жалаң бешке окугандарга айына кызыктыруучу стипендиялар берилет. Канча сомдон беребиз аны депутаттар менен чогуу чечебиз. Ал эми олимпиададан райондук, облустук деңгээлге чыккандарга акчалай колдоо көрсөтүлөт,” – дейт Улукбек Шапиев.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Каныбек Маматмуса уулу бул сунушту колдоорун, бирок айыл өкмөттүн бюджетиндеги каражат аз болгондуктан кайсыл жактан алабыз деген суроо аны ойлондурганын айтты.
“Депутаттар, аппараттагылар менен сүйлөшүп, мыйзамга туура келеби, кайсыл мыйзамдын негизинде туура келет караштырып көрөбүз. Эч болбосо айылдагы бизнесмен балдарга сунуштап көрөбүз, колдоо болсо алардын атынан да берсек болот,” – дейт жергиликтүү кеңештин депутаты.
Жапар Нышанов орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айтигүл Абдивалиева 2 жыл мурун ар чейрек сайын жалаң бешке окуган окуучуларга демөөрчүлөр тарабынан 100 сомдон стипендия берилгендигин билдирип өттү.
“Былтыркы жылы да Исанов айыл өкмөтүнөн бир демөөрчү чыгып, акыркы коңгуроо күнү 1-класстан баштап 11-класска чейинки эң мыкты делген окуучуларга 100 сомдон акчалай сыйлык берип кеткен. Айыл өкмөттөн стипендия бериле турган болуп калса, окуучуларга дем, күч болуп, биз билим сапатыбызды бир топ алдыга жылдыра алабыз деп ишенебиз”.
11-класстын окуучусу Бектур Азамат уулу математика сабагынан олимпиадада республикага чейин барып, окууда жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келет. Ал стипендия берилет деген жаңылыкты укканда аябай кубанган:
“Азыр мен 11-класс болгондуктан курстарга барып ЖРТга даярданып жатам. Эгерде стипендия алып калсам, канча сом болбосун аны окуу тарабына колдонмокмун”.
Айыл тургуну Замира Ураимова стипендияны жалаң гана беш деген баага окугандар эмес, башкаларга дагы берүү керек дейт.
“Стипендия берилип баштаса балдарда окууга кызыгуу пайда болот, көңүлү көтөрүлөт. Жалаң гана жакшы окугандарга эмес, 4 алгандарга да берсе жакшы болмок, алар да бири-бири менен атаандашып окушмак,” – дейт Замира Ураимова.
Аймончок Кожонова
Суусамыр: Мектеп даярдыгы жана мугалимдердин эмдөөдөн өтүүсү отурумда каралды