Ноокат районунуна караштуу Ак-Чал айылында «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлүп, ачылуу аземи болду. 75 балага ылайыкташтырылган бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталган.
«Ак Ниет Нуру» балдар бакчасынын ачылышы
Бала бакчанын ачылуу аземине айыл тургундары, КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Данир Иманалиев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев жана «Түштүк цемент» ишканасынын өкүлдөрү катышышты.
Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчиси Тажикан Тагаева
Ноокат районунун билим берүү бөлүмүнүн инспектору кызматынын башчысы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин райондогу жетекчиси Тажикан Тагаева район боюнча мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери иштеп жаткандыгын айтып, 2020-2021-окуу жылында жалпы район боюнча 6 бала бакча ачылгандыгын кошумчалады.
«Алардын ичинен Кулатов айыл аймагындагы үчүнчү бала бакча ачылып жаткан учуру. Жалпы Кулатов айыл өкмөтүндө сегиз бала бакча иштеп жатат. Ак-Чал айылында калк жыш жайгашкандыгына, бала бакчага бара турган балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу, элдердин суранычы менен имаратты куруу зарылдыгы келип чыккан. 2019-жылы «Наристе» балдар бакчасы, «Нур белек» балдар бакчасы ачылса, бүгүнкү күндө «Ак Ниет Нуру» балдар бакчасы ачылып, балдарга тарбия бере баштайт. Бала бакча үч тайпага ылайыкташтырылып, 75 бала тарбияланат. Мектепке чейинки билим берүүнүн балалык программасы боюнча билим беришет», — дейт Тажикан Тагаева.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнбаев
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнбев бала бакча 2017-жылы башталып, анын курулушу 4 жылга созулгандыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү.
«Бала бакчанын курулуш иштери пандемияга байланыштуу кечигип, мына бүгүн пайдаланууга берилип жатат. Негизинен имаратты бүткөрүү иштерине жалпы 22 млн сом акча бөлүнгөн. Анын 13 млн «Түштүк цемент» ишканасы, калган суммасы жергиликтүү бюджеттен бөлүндү».
Ак-Чал айылынын тургуну Гүлжамал Каарова
Ак-Чал айылынын тургуну Гүлжамал Каарова буга чейин айылда бала бакча жок болгондуктан балдарыбызды кошуна айылдагы бала бакчага алып барчубуз дейт.
«Өзүбүздүн айылда бала бакча жок болгондуктан, башка айылдагы бала бакчаларга алып барууга туура келчү. Бирок, акыркы учурларда орун жок болгондуктан балдарыбыз үйдө болуп калышкан. Азыр сүйүнүп турган учурубуз. Себеби, менин эки балам бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурат. Биз аябай кубанып жатабыз».
Чынара Нурманова, Айлар Дарбишева