Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылына 75 орундуу бала бакчага жергиликтүү бюджеттен 4 миллион 458миң сом, республикалык бюджеттен 600миң сом, Жамааттык салым 300 миң сомду түзгөн бала бакча бүтүп, ачылуу аземи өттү.
Бакчанын ачылуу аземине Жогорку кеңештин экс-депутаты Таалайбек Масабиров, райондун акими Джанысак Сатыбалдиев айыл өкмөт башчылары, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев, мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакчанын ачылуу аземи солдон оңго Жогорку кеңештин экс-депутаты Таалайбек Масабиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев, Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев
Бала-бакчанын жалпы аянты- 217,38м2
Жергиликтүү бюджеттен — 4 миллион 458 миң сом
Республикалык бюджеттен –(максаттуу трансферт)- 600 миң сом
Анын ичинен жамааттык салым — 300 миң сомдү түзгөн.
Курулуш аткарган ОсОО “Прогресс-Курулуш” ишканансы болду. 2019-жылы жергиликтүү бюджеттен каржылоо башталып 2021-жылы аягына чыгарылып, ишке бирилип жатат. Айланасы толук тосмолонгон.

Бала бакчанын уктоочу бөлмөсү
Балдарга керектелүүчү эмеректер, уктоочу керебеттер алынып, жатак төшөктөр шейшептелген. Балдар тамактануучу жана окуу үчүн стол, отургучтар камтылган, кол жуу үчүн ысык суу киргизилген. Медайымдын кабинети керектүү эмеректер менен жабдылган.
Айыл тургундарынын айтымында бала бакча өтө керектүү экендигин жана бүгүн кубанычтары койнуна батпай тургандыгын баса белгилешти.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев:
“Урматтуу Жон айылынын тургундары, бүгүн сиздердин айылыңыздарды чон саамалык өтүп жатат. Көп жылдардан бери бала бакча жок эле. Райондо биринчи жолу өздөрүнүн бюджетинин эсебинен, өздөрүнүн күчү менен Бешик-Жон айыл өкмөтү бүтүрүп пайдаланууга берилүүдө. Баса белгилеп айтып кетким келет, ушул эле айыл өкмөттө Карача айылында да бала бакча бүткөн. Балдар биздин келечегибиз. Демек алардын жаркын келечеги ар бирибиздин колубузда. Райондогу болуп жаткан иштердин эң орчундуусу катары бала бакчанын жетишсиздиги болсо, мына бүгүн бир бала бакча ачылып, ал көйгөйдү да чечүү жолундабыз.
Гүлька Сатманбетова неберелерин жаңы бала бакчага алып келген.
«Неберелеримди бала бакчага алып келдим, Нурчолпон, Нурислам, 2 неберем бар. Биздин Жон айылында биринчи жолу жаңы бала бакча ачылды. Жогору жакта бала бакча бар болчу бирок кичинекей. Балдарыбызды бала бакчага бере алган эмеспиз. Башка жактарга алып барышкан. Ушул бала бакча ачылганына аябай кубанычтабыз, жакшы болду, жакын. Ата-энелердин баардыгы ыраазы болушту. Балдарыбыздын келечеги кең, ушул жерден жакшы билим алып, жакшы инсандардан болуп чыксын. Бакчада иштеген тарбиячылар жакшы тарбиялаганына ыраазыбыз. Иштерине ийгилик!»
Гүлжамал Разакулова айыл тургуну. Бала бакчаларда орун жок болгондуктан балдарды бакчага бере албай жүргөнүн айтты:
«Урмаматова Софиянын апасы болом, балдарыбыз менен бала бакчага келип кубанып атабыз. Бала бакча ачылганына бардык атанелер кубанып, балдарыбызды алып келдик. Бакча жарык, таза, киргенде көңүлүн көтөрүлөт. Балдарыбызга бактылуу балалык каалайбыз.»
Белгилей кетсек, Жон айылында 4373 адам жашап, айылдагы балдар үчүн бакча алыс болуп, балдар үйдө тарбияланып келишкен.
Базар-Коргондо заманбап бала бакча ачылды
Гулназ Камбарали кызы