Коомдо бактылуу, алдыңкы үй-бүлөлөр көп болсо, өлкөнүн өсүп өнүгөөрү бышык. Бүгүнкү каарманыбыз 4 баланын энеси, 40 жыл мугалим болгон эл агартуунун отличниги, айыл тургуну Зина Исабаева. Зина эже менен үй-бүлө, кайын эне – келин ымаласы тууралуу кеп курдук.
-Сиз келиниңиз менен бирге машина айдоону үйрөнүп жаткан экенсиз. Дөөтүңүздөр кут болсун…
— Мен мындан 7-8 жыл мурун машина айдоо курстарынан окуп, күбөлүк алгам. Андан кийин өзүмө машина алууга мүмкүнчүлүк болбой жүрдү. Баламдын чоң машинасы бар эле. Аны айдагым келген жок. Ага бутум жакшы жетчү эмес. Өзүмө машина алайын десем эле, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей ортодон ар кандай жакшылык дагы, жамандык дагы болуп кетти. Анан келиним дагы айылдагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейт. Баласын бала бакчага тыштап, өзү жумушка барсын деп келинге карап машина алдык. Мурда айдап жүрчү экен, бирок кайра Бишкектен окутуп, мыйзамдуу түрдө күбөлүгүн былтыр алган. Азыр экөөбүз ушул машинаны алмак-салмак айдап жатабыз.
— Машина айдагандан тартынган жоксуздарбы? Айылда ар түрдүү айың кептер болушу мүмкүн эмеспи.
— Эл эмне дейт деппи? Машина айдап калыптыр, көөп калыптыр деген сөздөр болот эми. Ар кимдин оозун басып отура албайсың да. Эл оозунда элек жок. Бирок, эл айтат деп эле отура бермек беле. Өзүбүздүн жашоо шартыбызды жеңилдеткен чечимдерди кабыл ала билиш керек. Мисалы, мен келиниме чектөө салбайм. Машина айдагысы келсе айдасын. Дагы бир кесипке ээ болом десе, аны да окусун. Азыр кызыксаң тырмак жасаганды, макияж кылганды да окуп ал деп жатам. Элге жасайбы же өзүнүн келбети үчүн кам көрөбү өзү чечет. Негизи, келиним дизайн тармагына шыктуу.
— Келиниңиз кесиби боюнча энергетик экен…
— Ооба, келиним кесиби боюнча энергетик экен. Бирок, айылда бул кесип менен оңой эле иш табыла бербейт экен. Анан биздин үйгө келин болуп келгенден кийин экинчи кесиптин ээси болсун деп окууга тапшырттык. Мен өзүм 40 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты кесиби боюнча мугалим болуп иштеп келем. Мугалимдик көптөгөн материалдарды даярдагам. Анан келиним менен кеңешип, ал дагы менин жолумду жолдоп кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшырды. Университте окуп жатканда эле, мугалим болуп иштеп баштады. Анткени, айылга туруктуу иштегендер керек. Бул жерде жашабагандар келип иштеп, кайра жумуштан чыгып кете берген учурлар көп болот. Ошентип, келиним бир учурда кыргыз тили жана тарыхтан сабак берип иштеди. Анан тун неберебиз төрөлөөр адында декреттик өргүүгө чыккан. Убакыт учкан куш экен, быйыл мамлекеттик сынактарды тапшырып, окууну бүттү.
— Сиздерде оокат көп болсо керек. Бирок, үй оокатына жетишпей калат деп ойлобосузбу.
— Келиним кичүү келин. Биз бирге турабыз.Айылда оокат деген бүтпөйт. Анын үстүнө биз мал чарбачылыгы менен да алектенебиз. Адам үй шыпырып, тамак жасап, уй саап күнүгө бир оокат менен эле үйдө алек болсо ал тажап, чарчап кетет. Мен өмүр бою иштеп келе жатам. Айылда деле иштеп дагы, үй ишине дагы жетишсе болот. Иштеген адам өзү да тыкан, тың болот. Уруш талаш, жадатма кептер адам бош отургандан пайда болот. Өз эмгегиң менен тапкан акча өзүнө жугумдуу болуп, анын баркын билишет. Жөн келген, бирөө берген акчанын баркын бирөө билмек беле.
— Келиндүү болгон алгач сезимдериңиз кандай болгон?
— Жолдошум экөөбүз 25-26 жашыбызда баш кошуп, мындан да эртерээк турмуш курсак болмок экен деп калчубуз. Анан балама, мен сени 23 жашымда үйлөнтөм деп жүрчүмүн. Нике кайып болуп балам келинчегине 25 жашында жолукту. Бир көрүп жактырып калганбы айтор, окууну бүтүп жатканда көрүп калыптыр. Экөө тең окууну бүтүп жаткан учуру эле. Мага, бир күнү «апа бир кызды көрдүм, көзү күйүп эле турат экен.” деп калды. Казармандын кызы экен дегенде мен, тогуз жолдун тоому, алыс жер экен деп койдум. Бирок, диплом үчүн окууга дагы бир айдан кийин бармак. Бир ай бою эле балам башкача болуп жүрдү. Аны баарыбыз эле сезип жаттык. Анан эми балам өзү жакшы көрүп үйлөндү. Ошондон улам, жаштар өздөрү сүйлөшүп баш кошкону туура экен. Мында баш кошконуна 3 жылдан ашты. Кудайга шүгүр, экөөнүн ыр-чыры жок. Ата-эне үчүн балдардын ынтымагы баарынан жогору.
— Бактылуу үй-бүлө болуу үчүн эмне кылуу керек?
Бактылуу болуу үчүн биринчи кезекте ден-соолукту кароо керек. Үйдө аял ооруп турса, ал үйдүн жарыгы жок болот. Мисалы, келин ооруп турса, маанайы жок болот. Экинчиден, ынтымак, бири-бирин тушүнүү керек. Ошондой эле, эмгектенүү керек. Эмгектенген үй-бүлөнун тамак-ашы болуп, кайгысы жок болуп, ден-соолугу да чың болот. Эмгек – адамды бакытка алып келет.
Элеттик айымдардын өз алдынча болуусу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн жергиликтүү кеңештерге баруусу тууралуу материалды окуңуз.
Касиет Кубанычбек кызы