Болочок айым депутаттар жергиликтүү кеңештердеги шайлоого кандай даярданып жатышат? Алардын шайлоого аттануусунда кандай тоскоолдуктар бар? Стереотиптик көз караштар дагы деле күч алуудабы?
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Нуржамал Эралиева экинчи ирээт талапкерлигин коюуда. Анын талапкерлигин коюуу себеби: айыл жериндеги аялдарга, балдарга тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу. Мындан тышкары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жана мигрант маселесин токтотууга салымын кошсом деген ойдо. Талапкердин айтымында депутаттыкка барууда көп тоскоолдуктар болот. Мисалы: стереотипттик көз караштар, бут тосуулар жана ар түрдүү айың кептер. Мындан тышкары материалдык абал дагы чоӊ тоскоолдук жаратат,-деп билдирди.
“Мен экинчи жолу аттанып жатам. Биринчисинде алтынчы орундан он экинчи орунга түшүп калдым. Анткени эркектер келип голосту сатып алдыбы, сатып албадыбы билбейм. Бирок, жаштар, эркектер келип туруп машина менен ташып алтынчы кезекте турганда он экиге жылып калгам да. Бул шайлоодо коомчулук силер барсаӊар жакшы болот эле. Депутат болбой туруп эле депутаттар аткарчу көп жумуштарды карап атасыӊар,-деген сунуштарды, ойлорду айтышат. Мен ошондуктан аттанып көрсөмбү деген ойдомун”.
Айымдардын депутаттыкка баруусунда тоскоолдуктар бар экендигин Жогорку Кеӊештин экс депутаты Эркингүль Иманкожоева да жашырган жок. Алардын басымдуу бөлүгү стереотипттик көз караштарга байланыштуу. Буга карабастан айымдардын шайлоого аттануусу алгылыктуу. Көп учурда алар өз билим деңгээлин жогорулатып, шайлоого терең маани берүү менен аттанып келишет дейт.
“Кээде шайлоо кодексин бузбаш үчүн айымдарды орусча айтканда “для галочки” киргизип коет кээ бир партиялар. Анан айымдар келгенден кийин түз айтканда фракция лидерлери кубалаганга барып жатышат. Элдин баары эле билип атышат канча айымдар депутат болуп келип анан кийин кубаланып анан канчасы депутаттыктан кетти. Ал эми азыр жаӊы мыйзам боюнча эгерде депутат айым жумуштан кетсе же мандатын кандайдыр бир себептер менен тапшырса анда айымдын ордуна айым келет”.
Мындан тышкары айымдардын шайлоого баруусуна үй-бүлө менен коомдун колдоосу да маанилүү. Коомдун колдоосу болбосо агитация иштерин жүргүзүү оорчулук жаратат. Ал эми үй-бүлөнүн колдоосу болбосо шайлоого баруудагы фонд ачуу учурунда каржы маселеси да келип чыгат. Жергиликтүү тургундардан сурамжылоо жүргүзүп “Айым депутаттардын мандатка ээ болуусу канчалык маанилүү”-деген суроо менен кайрылып көрүп төмөндөгүдөй жооп алдык:
“Аялдардын депутаттыка баруусу бул жакшы. Анткени аялдар көздөгөн максатын ишке ашырышат. Балдарга, үй-бүлөгө, зордук-зомбулукка тиешелүү көйгөйлөргө абдан көӊүл бөүшөт.
Аялдар жергиликтүү кеӊешке баруусу абдан маанилүү. Анткени эркектер чече албаган маселелерди аялдар көтөрүп чыгат.
Жергиликтүү кеӊешке аял кишилердин депутаттыкка барганы туура деп ойлойм. Себеп дегенде алар көшөгө артында калган маселелерди туура чечет”.
Гендердик квота жергиликтүү кеӊешке ар бир үчүнчү орун ал эми Жогорку Кеӊеш депутаттыгына ар бир төртүнчү позиция айымдарга берилип келет. Айымдар бул позицияны алдыга жылдыруусу үчүн толук кандуу саясатка аралашуу зарылдыгы бар дейт,- борбордук шайлоо комитетинин мүчөсү Атыр Абдрахматова.Тилекке каршы ар бир шайлоодо 30 пайыз квота маселеси жакшы иштебей жатат. Ошондуктан, айымдар тоскоолдуктарды жеӊип өтүп, саясатта гендердик теӊчиликти калыптандыруу менен коомдогу маселелерди чечүүгө тынымсыз аркет көрүүсү керек дейт.
“Бизде мисалы өзүнүн пикирин билдирген айымдарга мына ажылдаган катын экен, анан обончу экен деп жаманттылоо атайын басмырлоого аракет кылышат. Ошонун баарын эске албай өзүнүн ишенген позитциясы бар болсо, конкреттүү көзү жеткен иш аракеттер, пландар ошол айыл жеринби, шаар жеринби мамлекет алкагында кандайдыр бир ички пландарды көрүүсү бар болсо ошону коркпостон, тайманбастан ишке ашырганга аракет кылыш керек. Саясатка аттанам депутаттыкка барам деген ар бир айым менин пикиримче так билиш керек өзүнүн максатынчы. Эмне себептен шайлоого аттанды, эмне себептен саясатка барат”.
Апрель айына белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоосу Covid-19 га байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын эсиңиздерге салабыз. Анткен менен жер жерлерде жергиликтүү кеңештин депуттатардын шайлоосун жай мезгилинде өткөрүүнү Жогорку Кеӊеш сунуш кылган. Бирок, эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, бул мезгил шайлоону өткөрүүгө ыңгайсыз деп табылган.
Гүлкайыр Осмоналиева