Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде мөмө жемиш бактарды бутап кыйыштыруу ыкмаларын үйрөтөт. Бул жумуш менен сиз үйдөгү чакан бакчага кам көрүүгө тажрыйба алып, ишкерлик кылып кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк болот.
Мөмө жемиш бак дарактарын бутап берүү боюнча айылда суроо- талап көп болгондуктан, багбанчылыкты өздөштүрүп тейлөө кызматын баштаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Быйыл дүйнө жүзүн каптаган пандемиянын кесепети терс таасирин тийгизбей койгон жок. Айылда жумушсуздук күч алууда. Бул көйгөйдөн чыгуу үчүн Жаңы-Жер айылындагы кесиптик окуу жайдын жамааты күч аракетин кылышууда. Жергиликтүү айыл тургундары үчүн кыска мөөнөттүк окутууларды ачып үйрөтүүдө. Ошол окутуулардын бири багбанчылык кесибинин бир тармагы катары «Мөмө жемиш бак-дарактарын бутап кыйыштыруучу» курсун окуп үйрөнүп, кошумча каражат табууга көмөктөшөт.
Бул тууралуу №43 кесиптик лицейдин устаты Орозбек уулу Өмүрбек айтып берди:

Орозбек уулу Өмүрбек №43 кесиптик лицейдин «Айыл чарба өндүрүшү» кесибинин устаты
«Мен жакында 2021- жылдын 1- февралында Беловодское айылында жайгашкан №28 Кесиптик лицейи тарабынан уюштурулган «Мөмө бактарды бутоо жана кам көрүү» семинарына Батырканов Руслан, Мусаев Эрбол жана Мирлан уулу Азирет болуп барып келдик. Семинарды агроном Мамедов Шарип өзүнүн бакчасында алманы кантип жана кайсы убакта бутөө керек экенин айтып, көрсөтүп берди.

Мөмө – жемиш дарактары мол түшүм бериши үчүн буташ керек болот экен. Мол түшүм берүүсү үчүн, бак- даракты көчөт кезинен бутоону колго алуу зарыл. Февралды аяктап, марттын башында бактардын ашыкча бутактары кесилип, бутала турган учур. Жаңы тигилген бир жылдык көчөттүн көп деле бутагы болбойт.

Өмурбек бүгүнкү алган тажрыйбасын, айыл эли менен да бөлүшүп, үйрөткүсү келет
Ал эми кийинки 2 жылда бутактарынын биринчи бөлүгү өсүп чыгат. Ушул кезде көчөттү бир формада өсүүсүн камсыздашыбыз керек. Алгач жерден жогору жакты көздөй узундугун ченеп белгиленген бийиктиктен төмөнкү бөлүгүндөгү бутактарды кыркабыз.
1. Бийик өсүүчүлөрдүн 60 сантиметрден ылдыйкылары буталат.
2. Орто бийиктиктегилердин 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат
3. Жапыз бойлуулардын(карлик) 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат.

Ал бул кесипке бала чактан бери кызыгаарын айтып берди
Карлик көчөттөрдүн бою эки метрден ашпайт. Булардыкы 3—3,5 метрге чейин өсөт. Карлик тибиндеги мөмө- бактары түрдүү климатка туруктуу келет, сууну башка бактарга караганда аз талап кылат. Бактарды бутаганда эки капталындагы бутактарына тийбей өйдө жакка жана тик ылдый өскөндөрүн түбүнөн кесиш керек жана ошондой эле эки ачакей болуп өскөндөрүнун жоонун кесип ичкесин калтырат.
Себеби алар бактагы азыктарды алат, бирок мөмө байлабайт. Бутактар бири-бирине тоскоол болбош үчүн карама-каршы өскөнн бутактарды кесип таштоо керек. Бутактын капталдап өскөн бүрлөрүн кесебиз, анткени бутак боюна кетпей капталдаган бутактагы бүчүрлөрдүн мөмөсү түшүмдүү болот.

Менин кесибим «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» болгондуктан, мөмө- жемиштерди кыйыштыруу жана учурунда бутоону жакшылап үйрөндүм. Кыргызстан айыл чарба менен өнүгүүчү мамлекет болгондуктан болочокто бул кесип менен каражат табуу үчүн өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп айылдагы кызыккан адамдарга үйрөткүм келет»,- деди Орозбек уулу Өмүрбек.
Жыйынтыгында, кесиптик лицейдин жамааты айылдагы бак-дарактардын кыйылып, анын ордуна көчөт сайылбай калган учурларды айтып сөз кыла кетишти. Жакында лицейдин окуучуларына ушул темада семинар өтүп, алар менен дагы тажрыйба бөлүшөрүн билдирди. Жаштар бак-даракка кылган мамилеси жакшы болуп, балким айылды көрктөндүрүүгө салымын кошор деди Орозбек уулу Өмүрбек.
Кесиптик лицейде этнобилим ыкмасын колдонуп кесиптик багытта адистикке даярдайт
Турсун Өмүралиева