Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар окушат. Жылдан жылга кесиптик лицейден тигүүчүлүк кесибин үйрөнгөнү өлкөнүн алыскы аймактарынан дагы келип окушууда.

Кесиптик лицейдин базасында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн атайын бардык шарттар түзүлгөн. Бул окуучулар «ашпозчу» «тигүүчү» кесибин үйрөнүүгө алыскы аймактардан келип окушат. Ал эми бул окуучулар жөнүндө «тигүүчү» кесибине үйрөтүүчү устаты Нургүл Абылкасымова кененирээк айтып берди:

Тигүүчүлүк кесибине көпчүлүгү кызыгат
Мен бул лицейде көп жылдан бери эмгектенемин. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Атайын з маал ысык тамак берилип, жатакана менен камсыз болушат. Жатаканада жуунучу бөлмөлөр, эс алуучу бөлмөлөрү бар. Кийим кечесин убагында жууп, шейшептерин жума сайын алмаштырып турабыз.
Ден-соолуктарын дайыма текшерип турган медайымдар күнү- түнү кезектешип карашат. Азыркы учурда өндүрүштүк практиканы лицейдин усулканасында өтүүдөбүз. Бул окуучуларды ден соолуктарына карап эч бир тигүү цехи практика өтүүгө уруксат беришпейт. Себеби балдардын жоопкерчилигин алуудан баш тартышат. Окуучуларымдын арасында жаратман, өтө таланттуулары көп. Өз колдору менен жасашкан азем буюмдарын кээде өздөрүнүн кем карчысына жумшоого сатып дагы калышат».
Турсун Омуралиева