Кочкордо малдын баасы кескин кымбаттады. Акыркы 3 айга салыштырмалуу алардын баасы эки эсеге өскөн. Баанын өсүшүнүн бир канча себептери бар. Алардын себептерин чогуу иликтеп көрөлү.

Кочкор районундагы мал базар
Мал менен иштеген жеке ишкерлердин айтуусу боюнча жазында малдын баасы көтөрүлүп кетет. Анын бирден бир себеби мал арыктап, семиз мал абдан аз болот. Семиз малга болгон суроо -талап жогорулайт . Экинчи себеби тоют азайып, баасы кымбаттайт. Быйыл орозо айы жаз мезгилине туш келгендиктен семиз мал издегендер да көп кездешет.
15-апрелге карата Кочкор районундагы малдын баалары

Малдын баасы жыл сайын өсүүдө

Мал чарбачылыгы район элинин бирден- бир киреше булагы

Пандемиядан кийин койдун баасы эки эсеге өсүп кетти

Ар ишемби сайын базарда соода кызуу жүрөт
Бакыт Кожокматов