Сокулук районундагы Жаны-Жер айлынындагы Кесиптик лицейге, жерлердин чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы “UNCCD” Фонд тарабынан карагайлардын көчөттөрү алып келинди.
Карагайдын көчөттөрү ар кандай сортто. Тянь-Шань карагайы, Россия карагайы, Крым соснасы,Вергин арчасы ж.б.
Келген көчөттөрдүн арасында Туя көчөтүнүн түрлөрү, Тянь-Шань карагайы, Крым соснасы, Россия карагайы жана арчанын уч түрлөрү болгон Вергин арчасы, Блю эрроу арчалары бар. Бул маалыматты 43-кесиптик лицейдин биологу Суйун Дүйшөмбиева кабарлады.
Карагайдын көчөттөрү өзүнүн топурагы менен келди
“Биздин лицейге карагайларды алып келген “UNCCD” Фонддун өкүлдөрү Б.Ажыбеков Э.Койчуманов Карагайларды алып келген максаты, айыл жергесиндеги жерлердин чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү үчүн окуучуларга жер тилкесине көчөттрдү отургузуу га алып келишти.
Карагайлардын көчөттөрүн Сүйүн Дүйшөмбиева өткөрүп алды
Окуучулар алдын- ала көчөттөр тигиле турган жерди алдын ала казып даярдап коюшкан. Алып келген карагайлар өзүнүн топурагы менен келет, аны казылган жерге өзүнүн топурагы менен отургузушат да ага шар суунун кереги жок ошондуктан ага акырындык менен суу куюлат да, акырын чекесин топурак менен жабылып коюлат. Жерге отургузуунун ыкмасы отургузуп жатканда өзөгүн катуу баспастан кылдаттык менен акырын тышка чыгарып кою керек’’.
Жаратылышты сактайлы, табийгатта таза накта жашайлы.
Кесиптик лицей мөмө- жемиш бактарды кыйыштыруу ыкмасын үйрөтөт
Кенешов Рамиль, Мирзамамутова Гулзада