Жаз айынын келиши менен, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы “3-Март Кыргыз Туусунун күнү” 5-Март Улуттук баш кийимибиз «Ак калпак күнү” ал эми келе жаткан “8-Март Бүткүл Дүйнөлүк Аялдардын Эл аралык күнү” майрамдарын белгилөө үчүн Жаңы-Жер айылында жашаган жалпы элди, апаларды, аталарды куттуктоо максатында иш- чара уюштурду.
Жаңы-Жер жамааттык медиасынын кабарчыларынын берген маалыматы боюнча иш- чара айылдагы №43 Кесиптик лицейде өткөрүлүп, 300гө жакын адам катышты.
Келген коноктордун катарында айыл аксакалдары, баатыр энелер, “Айым” апалар тобу, Жаңы-Жер айыл аймактык оорукананын жалпы жамааты, Жаңы-Жер орто мектеп комплексинин коллективи, №43-Кесиптик лицейдин коллективи, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 19-мекемесинин кызматчылары, Айылдык кеңештин депутаттары болду.
Иш- чараны Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Жекшенов 2017-жылдан бери аткарылган иштер боюнча маалымат берип, андан кийин куттуктоо сөзү менен ачты.
Майрамдык маанайды көтөрүп “Айым” апалар тобу жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 19-мекемесинин кызматчылары концерттик программасын тартуулашты.
Атайын кабарчылардын алган маегинде Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Жекшенов төмөнкүчө пикирин билдирди:
“Мен Мирлан Ратымбекович 2017 жылдан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келемин. Бүгүн өзүңөргө белгилүү болгондой жаз айынын келиши менен 3-март Кыргыз Туусунун күнү болду, бүгүн болсо 5-март улуттук баш кийимибиз Ак калпак күнү, ал эми келе жаткан 8-март Бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык күнун белгилөө үчүн уч майрамды бирге жалпы элибизди апаларды, аталарды, жалпы жашоочуларды куттуктоо максатында иш- чара өткөрдүк.
Жаңы-Жер айыл аймагында көп улуттуу элдин өкүлдөрү жашайт. Ар кайсы аймактардан келген элдерибиз бар. Ар дайым ынтымактуу жашап келебиз. Берекелүү жер, элдин баардыгы эмгекти сүйгөн эл. Элибизге эң биринчи ден-соолук, иштерине ийгилик каалаймын. Жерибизде тынчтык, элибизде токчулук болсун.
Келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык аялзаты күнүндө апаларга, эжелерге, карындаштарга ден-соолук, иштерине ийгилик каалаймын. Ар дайым үй-бүлөлөрү менен аман-эсен болсун. Ал эми биздин айыл аймак ар дайым алдыда болуп, өнүгө берсин.”
Жаны-Жер айылынын жашоочулары майрамдык иш- чарада жайылган дасторкондон даам сызып, көңүлдүү отурушту. Эскерте кетсек мындан мурун Жаңы-Жылдык майрамдын алдында дагы айыл тургундары үчүн ушундай иш чара уюштурулган.
Турсун Омуралиева, Нурай Ибраева, Перизат Жалилова