Жаңы-Жер айылындагы Кесиптик лицейде улуттук баш кийимдин урматына «5-март -Ак калпак күнү» белгиленди. Кыргыз тилчи мугалими Асыл Базарова окуучуларга “Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу” деген темада сабак көргөзүп берди.
Кыргыздын улуттук баш кийими Ак калпактын маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында иш- чара өткөрүлдү.

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы болот. Ак калпак өзүнө терең философияны камтып, муундан-муунга өтүп сакталып келет. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, жана ал адамдын кадыр баркын, коомдогу ордун билишкен.
Байыркы улуттук баш кийим ак калпак, учурда дагы өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты жакшылык тойлордо ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришет. Ал гана эмес түрдүү иш-чараларда, майрамдарда калпак тартуулоо салтка айланып калды. Бул баш кийимди жумушка, кадимки турмуш-тиричиликте, майрамдарда дагы кийе алышат.

Бүгүн сабакка окуучулар ак калпак кийип келишти
№43 Кесиптик лицейдин кыргыз тилчи мугалими Асыл Базарова окуучуларга “Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу” деген темада класстык саат өттү. Асыл Базарова окуучуларга Ак калпак жөнүндө төмөнкүчө түшүндүрдү:

Асыл Базарова улуттук баш кийим ак калпак тойлордо салттуу түрдө кийиле баштаганын баса белгиледи.
«Бул калпакта Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетилип турат. Эгер силер Манас эпосун окуган болсоңор, “Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл” деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө, калпакты таза кармап, ыргытып жерге таштабайт тебелетпейт. Калпакты эки колдоп гана чечип өйдө алып же илип койуу керек. Эр жигит өз калпагын сатпайт, бирөөгө берчү эмес. Жакын адамына же досуна баалуу белек же мурас катары берген. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажырайт дешчү.»
Сабактын сонунда Асыл Базарова окуучуларга видеосабак көргөздү.
Турсун Омуралиева