Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду. Чогулуш 21-ноябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Майорбек Сатымкулов жана райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жүрдү.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ильязбек Чороевдин отчеттук маалыматынын негизгилери болуп:
— Терек-Суу айылына салынып жаткан жалпы баасы 10 млн сомдук спорт зал,
— Кырк-Казык айылына курулган ФАП имараты 2,5 млн сом,
— Чоң-Арык айылынын Мүкөш көчөсүнүн 1600 метр жерине коюлуп жаткан түнкү жарыктандыруу 800 000 сом,
— Турусбек мектебинин жылытуу системасын оңдоо 1,5 млн сом
— “АРИС” уюму тарабынан келген техникалар: пресподборщик, фронтальный погрузчик, Тратор МТЗ 82.1 техникалары 5 748 000 сом. Мындан сырткары да көп иштерди жасагандыгы жөнүндө айтылды.
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы Майорбек Сатымкулов: «Айыл өкмөтүндө аткарылган иштерге токтолуп: жарыктандыруу, жаңы типте салынган турак жайларга, Терек-Суу айылы боюнча элдин жашоо тиричилиги–суусу жылуу, жашоого турмуш шарты бар чоң тойканалар салынып, турмуштун өзгөргөнү көрүнүп турат. Спорт зал салынып бүткөнү турат, бардык өкмөттүн иш- чаралары элдин жашоо тиричилигин жакшыртууга арналган»,- деп кошумчалады.
Чогулуштун жүрүшүндө таза-Суу, таштанды, Турусбек мектебинин кичине корпусун бүткөрүү, электр энергиясы боюнча жана башка көптөгөн элдин көйгөйлөрү болгон маселелер каралып, жыйынтыгында токтом кабыл алынды.
Бул чогулуш боюнча толук маалыматты ketmendobo.com сайтынан ала аласыздар.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов