2020-жылдан тартып, тактап айтканда COVID-19 илдети тараган учурдан бери бир топ экономикалык, социалдык көйгөйлөр калкты кыйнады. Анын ичинде ден соолугунан айрылгандардан сырткары ишкерлер үчүн абал кыйындады. Кыйласы бизнесин жабууга мажбур болду.
Бирок бул абал көйгөйдү башка жагынан изилдеп, аны чечүүнүн жолдорун табууну үйрөттү десек да болот. Биз ачык маалыматтарды анализдеп 2019-2022 жылдар аралыгында өлкөдөгү, региондогу экономикалык абалды карап чыктык.
2019-жылы мамлекеттин салык кирешеси 120 млндон ашык болсо, 2020-жылы ал 20 млнго азайган.
Ал арада калк арасында микрокредит алгандардын саны 2021-жылдан баштап өскөн. Анын ичинде 14 млндон ашыгы керектөөчү кредит максатында, 10 млндон ашыгы айыл-чарба үчүн керектөөгө алынган.
Бир жылга чукул убакытка ишин токтоткон ишкерлер кайрадан ишмердигин улантканын белгилесек болот.
Микрокредит алгандардын өлкө боюнча жалпы саны 2021-жылы 650 миңге жакын адамды түзгөн. Анын дээрлик жарымы Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Бул Бишкек жана Ош шаарларынан дагы көп.
Акыркы убактарда айылдардагы кичи бизнестердин катары көбөйүүдө. Айылдын катаал шартында ийгиликтүү бизнес кылгандар кыйла.
Алардын бири Курманбек Назарбеков Тогуз-Торо районунда жеке ишкер. Досу менен биргеликте айыл жеринде самын бизнесин алып барышат. Жумасына суроо-талапка байланыштуу 2000 шт самынды сатыкка чыгарышат. Башка самындардан баасынын арзандыгы менен айырмаланып, Тогуз-Тородогу дүкөндөрдүн баарына коюлат.
Айыл жериндеги бизнестин кыйынчылыгы сырьенун жоктугу, башка жактан алып келүүгө туура келет дейт ишкер Курманбек Назарбеков.
Индира Мондурбаева Нарын районундагы Дөбөлү айылынын тургуну. Буга чейин сулуулук жаатында, андан кийин нан бышырып ишкерликтин 2-3 түрүн жасап көргөн. Айыл жериндеги шарт, башка көйгөйлөрдөн улам ишин токтоткон. Бирок учурда жаңы багытты көздөп, клининг компаниясын иштетип жатканына жарым жылдан ашты. Ал айыл жеринде бизнести ийгиликтүү алып кетсе болоорун айтып, башкаларды ар түрдүү багытты изилдеп, талыкпай эмгектенүүгө чакырат.
Зыйнат Самар кызы