“Кийиз дүйнѳ” коомдук фонду түптөлгөндүгүнүн 9 жылдыгын белгилеп, бул жылдар арасында аткарылган иштердин жыйынтыгын элге тартуулады. Иш-чарада жаңы басылып чыккан “Элечек” китебинин бет ачары жана салттык кийимдердин көргөзмөсү болду. 2010-жылы негизделген коомдук фонд, кыргыз элинин салттуу маданиятын сактап калууну жана жандандырууну максат кылган. 9 жыл ичинде аткарылган иштер санга салынып, жыйынтык чыгарылды.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы