Улуу талант Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак… 37 жыл гана жашаган чолпон жылдыз, кино жана театрда жүздөн ашык роль жараткан. Замандаштары, актрисанын кайталангыс ажары жана таланты гана эмес, тамашакөй мүнөзү жана эмгекчилдиги СССР ичинде кыргыз маданиятын көтөрүүгө, даңазалоого салым кошкон деп айтып келишет. Өмүрү кыска болсо дагы, маданиятыбыздын тарыхына айланган ролдорду жараткан таланттын тагдыры тууралуу кыскача тесттен өтүүнү сунуштайбыз.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы