Кыргызстандын аймагында жалпысынан 34 суу сактагыч бар. Алардын ичинен Киров суу сактагычы 1975-жылдан тартып ишке киргизилген.
Негизинен сугатчылыкта пайдаланып, өнөр-жай ишканалары суу менен камсыздалат. Адистердин айтымында, Кыргызстан өзүнүн аймагындагы суу сактагычтардан чыккан суунун 20% эле өзү пайдаланат. 80% коңшулардын эгин талаасына кетет. Ошол себептүү суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымды коңшулар менен биргелешип көтөрүүгө аракет кылып келатат.
Негизи эле Талас облусунун жашоочуларынын арасында Киров суу сактагычы эскирип, жарылып кетүү коркунучу бар деп келет. Бул чынбы же жөн эле айтылган ушак сөзбу деген суроо келип чыкты. Бул суроого Талас шаарынын тургуну Мамыралиев Медеркул мырза жооп берди:
— “Калк айтса, калп айтпайт дейт – бул чын эле. Былтыр жаан-чачын көп болгондугуна байланыштуу суулар көтөрүлүп, суу көп болду. Бул абал биздин тургундарга эле коркунуч келтирбестен, коңшулаш казак элине да коркунуч жаратат. Себеби, бул көп жылдардан бери турган суу сактагыч, көп жылдан бери ремонт иштери да жүрө элек, техникалык абалы да азыркы талаптарга жооп бербейт болуш керек. Ошол үчүн коркунучу бары бар. Элдин тынчсызданганы чын эле”.
Айтылган маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин аныктоо үчүн биз Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Батыркулов Болот мырзага кайрылдык:
— “Суу сактагычта сууну топтоп, эки өлкөнүн элине, дыйкандарга суу жеткирилет. Союздун убагында аябай чоң эсеп менен курулган 100 жылдык эксплуатацияга эсептелген курулуш. Плотинаны көзөлгө алган башкармалыгы бар. Плотинанын датчиктери, ченөөчү аппараттары бар, адистер дайыма көзөмөлдөп турушат. 100 жыл өткөндөн кийин тийиштүү жерлерди оңдоп, түзөп, жаңыртып, анан жумушун уланта берсе болчудай курулуш”.
Демек, эл ичинде Киров суу сактагычы жөнүндө сөз болуп жаткан туура эмес маалыматтар экени аныкталды. Эч кандай коркунуч жаратпайт деп ишенүү керек дейт Болот мырза. Ал эми Киров суу сактагычында бир эле жогоруда айтылган маселелер болбостон дагы башка көйгөйлөр жаралат экен. Мисалга келтирсек, суу жаныбарларынын азаюуусу. Буга ким күнөөлүү жана кандай иш чаралар өтүлүп жатат деген сурообузга мамлекеттик экотехинспекциянын Кара-Буурага караштуу инспектору Замир уулу Сабит мырза жооп берди:
— “Кара-Буурадагы суу сактагычтын жалпы аянты 2800 гектор, 550млн метр куб суу сакталат. Анын ичинде жашаган балык байлыктары бар: лещь, сазан, толстолоб, маринка ж.б. балыктар. Ушул жылга чейин биз ошол жерде иш алып барып келгенбиз; мыйзамсыз балык кармагандарга айып салып, алардын ишин сот органдарына бергенбиз”.
Суу- өмүр булагы дегендей, бүгүн биз Киров суу сактагычынын тегерегиндеги маселелр тууралуу маалымат бердик. Бул маалыматтар сиздерге пайдасын алып келет деген ишенүү менен сөзүмдү жыйынтыктайм.
Бул сюжет Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин коз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган: Элес Осмоналиева
Материалда чагылдырылган сүрөттөр turmush.kg сайтынын уруксаты менен алынды.