Адам баласы китеп аркылуу гана турмуштан өз ордун таба алат эмеспи. Китеп- элибиздин бай мурастарын муундан-муунга өткөрүп берип, ар бирибизди ар тараптан каныккан күчтүү, билимдүү жана акылдуу инсан болууга тарбиялайт эмеспи. Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын тургуну Айзада Орунбаева китеп окуу менен таасирленгенин айтат.:
«Таңкы убактын сыйкыры” деген китепти окугандан баштап, уйкудан пайда таппарыбызды билдим….
-40-50 жыл уктап койгон адамдарды көрүп жүрөм. Ооруларды да алып келаткан адамдарды да көрүп жүрөм. Ошол китептердин таасиринде мен жашоомду өзгөрткүм келди. Режим сактап саат 4:30да турам ошону менен кечки саат 21:30-22:00дө уктайм.
Айзада Орунбаева
Сиз өзүңүз китепканада иштейт экенсиз. Сары-Булуң айыл аймагына барып, китеп алып окуйсуз. Эмне себептен Казармандан Кара- Суу айылынын аралыгы жарым саат болгонуна карабай, барып жатасыз?
-Биринчиси мындай болду. Сары-Булуң айылдык китепканасынан мен кызыккан китеп бар экенин көрдүм. Анткени кесипчилик лицейде бардыгы эле кесипке карата китептер бар. Ошол себептен улам айылдык китепканага барып китеп алып окуйм.
Китеп окуйм дебедиңизби күнүнө канча бет китеп окуйсуз?
-Эми бул китеп окуганда адамдардын акыл сезими өнүгөт. Турмушта бул китеп менен адам тарбияланат. Күнүгө мен өзүм 150 барак китеп окуйм. Эртен менен атайын убакыт болом жарым саат китеп окуйм. Эгерде 150 баракты бүтпөй калсам кайра 150 баракка толуктайм эгерде ал күнү окубай калсам, 150 баракка кошуп окуйм.
Бир жылга план түзүп алдым 100 китеп окуйм деп…
-Бош убактымда мен китеп окуйм быйылкы жылда эле “Спартак” “Кар заман” “Көчмөндөр кагылышын” “Кылычсыз Самурай” жана башка китептерди окудум. Бир жылга мен план түзүп алгам 100 китеп окуйм деп.
-Бул китеп окуу дагы ден-соолук пайдасы бар деп ойлойсузбу?
-Китеп окуунун пайдасы бар бардык эле бул илимий жактан тастыкталган. Китеп окуган адам унутчаак болбойт.
Эскерте кетсек, Айзада Орунбаева 48 жашта. Учурда кесиптик лицейде китепканачы болуп эмгектенет. Бишкек Гуманитардык университетин китепканачы жана библиограф факультетин аяктаган.
Аэлита Илиязова