Китепкана- бул маалыматты сактоонун анын, муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн формасы. Тогуз- Торо районундагы Сары-Булуң айылдык китепканасында тез-тезден элди китеп окууга үндөгөн иш-чаралар өтүп турат.
Китепкана адамдын акылынын, жан дүйнөсүнүн азыгы болгон, китептердин жайгашкан куттуу ордосу.
Китепкана- басмадан чыккан баа жеткис чыгармаларды кылымдар бою, укумдан-тукумга ыйык сактоочу жай болуп, адамзат коомунун, өнүгүп, өсүшүнө, ар тараптуу билим алуусуна көмөкчү болгон китепкана кызматкерлери окурмандарга кызмат көрсөтүп келебиз.
Сары-Булуң айылдык китепканачы Анара Мааметова айтымында өзгөчө абал учурунда онлайн түрүндө, электрондук китептер, аудио жомоктор окурмандарга сунушталды.
Ар дайым жакшы жазылган китептер көбөйүп, элибизде билимдүүлөр көп болсун.
Альбина Бейшеналиева