Кыргызстанда пияздын чекене баасы 55-67 сомго жетти. Бир айда эле жашылчанын наркы үч эсеге өстү. Баалар кескин көтөрүлгөн мындай учурда өкмөт эмне чараларды көрө алат жана андан оңдуу жыйынтык болобу?
31-январдан 31-апрелге чейинки үч ай аралыгында Кыргызстандан пиязды сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинети жашылчанын баасын турукташтырыш үчүн ушундай чечим кабыл алды. Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Назина Алыкулованын айтымында, пияз социалдык мааниге ээ товарлардын катарында жана анын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизсе болот.
Алыкулованын маалыматына ылайык, катуу суукта базарларда ачык жайларда сакталган түшүм жараксыз болуп калган. Мындан улам товарды дүңүнөн алып келгендер пияздын базарга чыгарылган көлөмүн азайтууга мажбур болушту – бул жашылчанын калганын сактап калуу айласы эле. Анын үстүнө кошуна Казакстандан, Өзбекстандан пиязга суроо-талап күчөгөн. Ушул себептер баалардын кескин жогорулашын шарттаган.
“11-январга карата пияздын чекене баасы бир килограмм үчүн 37,8 сомду түзгөн. Кийин баалар көтөрүлүп отуруп, азыр 54,9 сомго жетти. Бирок эч бир аймакта таңкыстык жок”, — дейт Алыкулова.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына 100-150 миң тонна пияз өстүрүлөт. Ички керектөө жылына 100 миң тоннаны түзөт. Калганы кошуна өлкөлөргө экспорттолот.
Чектөө киргизилгенден бери он күн өттү, пияздын баасы ошол бойдон. Гүлнүр эже Бишкекте чакан дүкөн иштетет. Пияздын аларга келген баасы ушул тапта 56-57 сомду түзүүдө.
“Биз 65 сомдон сатып жатабыз. Ноябрдын аягында эле бизге 21 сомдон келип жаткан. Анан эле кескин түрдө 48 сомго, аз өтпөй 58 сомго чыгып кетти. Кардарлар өкмөт пиязды чыгарбай койду, эмнеге бааны түшүрбөй жатасыңар деп нааразы болуп жатат. Бирок биз ашыкча кошкон жокпуз да, келген баа түшсө эле, кымбат кармап отурбайбыз”, — дейт сатуучу.
Эксперт Назина Алыкулова түшүндүргөндөй, экономиканын мыйзамдары боюнча баа көтөрүлгөндөн кийин кайрадан мурдагы деңгээлине эч качан түшпөйт. Экспортко тыюу салуунун биринчи максаты – ички рынокто товардын болушун камсыздоо.
“Баа суроо-талап менен сунуштан түзүлөт. Экспортко тыюудан кийин баалар бир аз түштү, бирок 30-35 сомго кайра түшпөйт”, — деп кошумчалады ал.
Ал ортодо дыйкандар түшүмүн сата албай, экспортко чектөөнү алып салууну талап кылып жатышат. Чүй облусундагы кампаларда ушул тапта 55 миң тоннанын айланасында пияз сакталып турат. Ички керектөө бул көлөмдүн бештен бирин гана түзөт деген дыйкандар экспортко уруксат берилбесе, пияз чирип-өнүп жок болорун айтышат. Бул жер иштеткендерди, ишкерлерди чоң чыгымга гана кептебей, быйыл пияз таңкыстыгын да жаратышы ыктымал.
Экономист Эркин Абдыразаковдун пикиринде, маселенин баары алдын ала эсептөө, пландаштыруу иштери жок болгон үчүн жаралып жатат. “Поезд кеткен соң” экспортко чектөө киргизүүнү туңгуюктан чыгарчу жол эмес.
“Базар экономикасына өткөндөн кийин пландаштыруу жоголду. Тигил же бул өндүрүмгө керектөөбүз канча, ал кандай баада сатылышы керек деген жагдайлар көзөмөлдөн чыгып кетти. Дыйкандар баягыдай эле быйыл эмне кымбаттаса, кийинки жылы ошону экмей стратегиясынан чыга элек. Айыл чарба, Экономика министрликтери, Монополияга каршы комитет баарын эсептеп чыгып, дыйкандарга жол көрсөтүш керек эле. Түштөн кийин чектөө чечимдери – атамекендик өндүрүшкө күйгөндүк эмес. Жакында эле Өзбекстан менен “жашыл коридор” тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Бир колу менен уруксат берип, экинчи колу менен тыюу салуу акылга сыйбайт”, — дейт эксперт.
Кыргызстанда өткөн жылы инфляция деңгээли 15%га жетти. Каржы институттарынын быйылкы жылга божомолдору деле жубатарлык эмес — баалар 12%га өсөт деп айтылууда. Былтыр айрым айыл чарба товарларын, алардын ичинде
буудайды, унду, өсүмдүк майын, кумшекерди сыртка ташууга убактылуу тыюу
салынды. Аны менен бирге кумшекерди, өсүмдүк майын ташып кирүүгө кошумча
нарк салыгы нөлдүк пайызга түшүрүлгөн. Матрезерв буудай, өсүмдүк май, ун, кумшекерди арзаныраак баада бүт өлкө аймагында сатыкка чыгарды.