Кыш мезгили келип ар бир үй-бүлө өз шартына карап кышкыга бодо малдан «Согум» даярдап алат. Бул тээ илгерки ата-бабалардан келе жаткан салт. Бирок бүгүнкү күндө «Согумду» кышкы шерине тамак катары беришип, ысырапкорчулук кылып жаткандар да бар.
Төлөк айылында декабрь айы башталаары менен кышкыга «Согум» союу башталат. «Согум» үчүн көпчүлүгү топоз союп алышат, азы гана уйду байлап союшат. Декабрда союлган «Согум» февралды ортолоп түгөнөт. Эт-аштын эрте жазга жетпей түгөнүп калышы, союлган согумдун үчтөн бир бөлүгүн мыкты катышы барлар «Согум шерине» уюштуруп жеп келишет. Бул күндөрү «Согум тамак» үчүн мыкты дасторкон даярдалат, боорсогу бышырылып, бозосу салынат. Келген коноктор катышына карап баштыгын көтөрүп келишет. «Согум тамак» жегендердин басымдуу бөлүгү 40-50жаштагылар. «Согум шеринеге» чыгым көп кетип жатса дагы аны милдеттүү тамак катары көргөндөр бар. Бирок акыркы күндөрү бул «Согум тамакты» ысырапкорчулук деп билгендер чакырылган шеринеге барбай жатышат.
Согум тамак берүүдөгү чыгымдар.
Бул эсептөөгө нандын түрү жана бозо суусундугу кирген жок
Согум тамак берүүдө бир үй-бүлө 5 күн конок тосушат, бир күн келген коноктун саны 12 адам.
Бул көрсөткүч бир күндүк «Согум тамак» берүүдөгү чыгашасы, жалпы 12 970 сом. Ал эми мындай суммага 5 күн согум тамак берилсе жалпы-64 850 сом чыгымды түзөт. Андыктан бул «Согум тамак» салтпы же адатпы же жөн гана ысырапкорчулукпу, муну ар бир үй-бүлө өзү аныктап алуусу шарт.
Бурул Майрамбек кызы