Нарын районуна караштуу Оттук айылында чоңойгон Сирень Келдибек кызы учурда Туркия мамлекетинде тамак-аш өнөр жайы жаатындагы алдыңкы фирмалардын биринде КМШ өлкөлөрүнө сатуу боюнча экспорт бөлүмүндө менеджер болуп эмгектенет. Алар учурда дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн товарларды 96 өлкөгө экспорт кылышат.
Чет өлкөдө жашоо мекендешибиздин бала чагындагы кыялы болгондуктан ал жакта жашап кетүү, ыңгайлашуу оңой болгон дейт:
“Башка өлкөдө жашап иштесем деген кыялдарым болгон үчүн мага аябай деле кыйынчылык жараткан жок. Максатың болсо кандай кыйынчылыктар болбосун баарына чыдап, алдыга умтулуп, колдон келген бардык күчүндү жумшайт экенсиң. Мен 2009-жылдан тартып Стамбулда үй- бүлөм менен жашап келем. Негизи Туркияны деле тандаган эмесмин. Бул жакта жашап калганыма жолдошум себепкер. Ал өзү бул жакта билим алган. Кыргызстанга келип экөөбүз үйлөнгөндөн кийин кайра бул жакка келип иштеп калды. Ошентип жер которуп калдык. Жолдошум жанымда болгону үчүн, ата-бабаларыбыз деле түрк тилдүү калк болгондуктан тилдерибиз окшош болгон үчүн дагы ынгайлашуу оңой болду окшойт.”
Сирень Келдибек кызынын бала чагы Оттук айылында өткөн. Кичине кезинен эле алдына максат коюп, кыялында апасындай дүкөнчү болууну каалачу.
“Балалык кез азыркы технологиясы жок эле, таза экологияда өттү. Апам жумушта, үйдө биз, сегиз небере, таята-таенем менен калабыз. Кабака барып үй куруп, бөлмөлөрдү таштан жасап, баткактан идиш, нан бышырымыш болуп, дүкөнчү болуп ойноп, селкинчек тээп, чоңураагыбыз кичинебизди карап, айылдын чоң суусуна түшүп чоңойдук. Апам склад башчысы болчу, мен да апамдай болууну кыялданчумун”.
Мекендешибиз кесиби боюнча педагог. Ал И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар бөлүмүнөн билим алган. Мугалим катары окуучулардын билим алуусуна аябай көңүл бөлөт. Элет жеринде калыптанып калган түшүнүтөрдү жеңүү менен ар бир адам өзүн өнүктүрүү керек деп эсептейт:
“Постсоветтик ата энелер балдарды мурунку муун менен салыштырышат. Азыр технологиянын заманы. Интернетти туура колдонуп, пайдалуу нерселер менен алек болуу, китеп окуп, тил үйрөнүп, материалдык байлык эмес руханий байлыкка умтулуу керек деп эсептейм. Айрыкча кыздарга эч кимдин сөзүн укбай, стереотиптерден алыс болуп, кыялдарга умтулуп, өзүндү-өзүң өнүктүр дейт элем. Онлайн бекер курстар да көп, аларды издештирип, ар кандай долбоорлорго катышып, тереңден билим алуу менен чет өлкөдө ийгиликтерди багындырууга ар бир баланын колунан келет.”
Ийгиликтерди багындыруу үчүн балага ата-эненин, бир туугандарынын колдоосу маанилүү экенин каарманыбыз баса белгилейт. Себеби, өзүнүн кыялындагы ийгиликтерди жакын адамдарынын колдоосу менен багындыра алган.
“Мен Туркияга жаңы келгенимде англис тилинде жакшы сүйлөчүмүн. Бара-бара түрк тилин да оздөштүрө алдым. Алгачкы жумушка кирерде жолдошум экөөбүз маектешүүгө чогуу бардык. Мен англис тилинде маектешүүдөн өтөм, ал эми жолдошум түрк тилинде менин маектешүүмө жардам берип, өтүп кеткем. Азыркы жумушум үчүнчүсү. Аны менен катар чет мамлекеттерди кыдырып (командировка), кардарларды, инвесторлорду чакырып жатабыз. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн товарларды учурда 96 өлкөгө экспорт кылабыз. Бул мен үчүн эң чоң сыймык!”
Сирень Келдибек кызы чет өлкөнү багындыруу үчүн биринчи кезекте мектептен татыктуу билим алуу керек деп эсептейт. Өзү окуган мектепке демөөрчүлүк кылып, окуучуларды шыктандыруу үчүн интеллектуалдык таймаштарды, сынактарды өткөрүп келет.
“Негизи шыктандыруу үй- бүлөдөн башталат да. Биринчи ирээтте баланы сүйүү керек. Ата-эне баланын ар бир кичинекей кадамын мактап, баласына ишенерин айтып, билим алуу кандай маанилүү экенин айтып, билимге басым жасашы керек. Билим десе эле мектепке барып мугалимдин берген сабагы эмес, кошумча курстар, китеп окумай, баланын шыгына жараша колдоо көрсөтүү керек. Айылда үй оокат, тиричиликтен мурун баланын билим алуусуна колдон келишинче жардам бериши керек.
Качан гана адамдар билимдүү болуп, билимдүү үй бүлө кура алышса, анда сөзсүз коом билимдүү жаштардан турат. Ал эми коом билимдүү болсо, албетте мамлекетибиз өнүгөт. Адамдардын көбү мамлекет өнүгүү үчүн сөзсүз эле финансы жагын ойлошот, бирок мен оюмча руханий байлык, маданият, билим, акыл аркылуу эң өнүккөн мамлекет курса болот.”
Сирень Келдибек кызы белгилегендей, окуучу биринчи кезекте билим алып, туура максат коюну үйрөнүшү керек. Келечек муун үчүн билим алууга өлкөдө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мектеп менен гана чектелбестен ар бир окуучу дайыма кошумча билим алуунун үстүндө болуусу ийгиликтерде жетүүгө жол ачат.
Акылай Алмазбекова