Кыргызстанда акыркы жылдары узак жашагандын саны кескин кыскарып баратат, тескеринче кан айлануу системасынын оорулары, кант диабетине чалдыккандар, муун- сөөк оорулары менен ооругандар көбөйдү. Бул көрүнүш калктын начар жана туура эмес тамактануудан келип жатат.
31-январь күнү Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде 3 станциядан турган атайын коопсуздук жүрүштүн алкагында «Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу» окуу үчүн Кочкор районунун дарыканасынын «Ден соолукту чыңдоо» кабинетинин адиси Нуржан Байзакова конокко келди.
Окутуу 3 станциядан турган, анын ичинде:
1) Пайдалуу жана зыяндуу тамак аш
2) Алкоголь ичимдиктери
3) Тамекинин зыяндары
Ар бир станцияда мугалимдер талкулоо жүргүзүп, ой пикирлерин айтып беришти.
Жыйынтыгында Нуржан Байзакова негизги пунктарына токтолуп кетти:
«Баардык зыяндуу тамак- аштарда химиялык консерванттар, тамак- аш жыт бергичтер, боёктор, канцероген начар сиңирилген транс майлар, кофеин, даам күчөтүүчү заттар (натрий глутоматы), ГМО кошумчалары бар тамактарды көп колдонуп, балдарыбыздын ден соолугуна зыян келтирип жатабыз».
Зыяндуу тамак аш көптөгөн өнөкөт ооруларына алып келет: диабет, гастрит, кошумча салмак, жүрөк-кан тамыр ооруларына, зат алмашуунун бузулушуна, иммунитеттин төмөндөшүнө, залалдуу шишиктердин пайда болушуна жана муун, сөөк ооруларына, организмдеги пайдалуу элементтерди жууп кетишине жардам берет.
Андан сырткары, спирт ичимдигинин жана никотиндин жаш организмге терс таасирин тийгизишине токтоло кетти:
«Балдарыбызга эртерээк айтылчу нерсе, бул тамеки жана алкоголь ичимдиктерине «жок» деп айтууну үйрөтүү.
Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин химия сабагынын мугалими Акыл Эгембердиева өз ою менен бөлүшүп кетти:
«Сонун, пайдалуу окутуу болду, өзүбүзгө көп маанилүү маалыматтарды, билбеген нерселерди билип, көрүп алдык, чоң рахмат. Буюрса алган маалыматтарыбызды окуучуларга жана ата-энелерге жеткиребиз».
Жыйынтыгында ар бир класска алган маалыматтар менен бөлүшүү пландалып жатканын класс жетекчилер билдиришти.
Темирбек кызы Адеми, Канайым Мирланова